1962-жылдын 1-апрелинде Талас облусунун Талас районуна караштуу Орто-Арык айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1991-жылы Маяковский атындагы Педагогикалык институтун информатика жана математика адистиги боюнча аяктаган.
Бир уул, бир кыздын энеси.
- 1979-1987-ж. Талас облусунда ага инженер-программист.
- 1987-1994-ж. Долон айылынын Эл депутаттары кеңешинин аткаруучу комитетинин жооптуу катчысы.
- 1994-1997-ж. Долон айылынын Эл депутаттары кеңешинин аткаруучу комитетинин төрайымы.
- 1997-2002-ж. Долон айыл аймагынын башчысы.
- 2002-2005-ж. Талас облусунун Архив иштери башкармалыгынын жетекчиси.
- 2005-2008-ж. Талас облусунун администрациясынын башчысынын орун басары.
- 2010-ж. Талас облусунун губернатору.
- 2012-жылдын сентябрынан бери Өкмөттүн Талас облусу боюнча ыйгарымдуу өкүлү.