Ош шаарында былтыр төрт бала, быйыл бир окуучу өз жанын кыйган

© flickr.com / Jared KeenerСуицид
Суицид - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарында балдар арасында өз өмүрүн кыюунун жана аларга ыдык көрсөтүүлөрдүн алдын алуу боюнча мамлекеттик органдар жана ата-энелер катышкан талкуу болду.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Ош шаарында 2014-жылы төрт бала өз өмүрүн кыйса, быйыл жыл башынан бери бир окуучу жашоо менен коштошкон деп Ош шаарынын маалымат кызматы билдирди.

Архив: балдарга жасалган зомбулук - Sputnik Кыргызстан
Депутат: былтыр 94 окуучу өз жанын өзү кыйган
Ош шаарында балдардын өз өмүрүн кыюу жана аларга жасалган зордук-зомбулук фактыларынын арбып бара жаткандыгынын алдын алуу боюнча маселе коомчулуктун катышуусу менен талкууланды. Ага шаардын вице-мэри Ильичбек Эргешов, шаардык прокуратура, ички иштер башкармалыгынын, билим берүү тармагынын, шаар казыятынын өкүлдөрү жана ата-энелер катышты.

Ош шаарынын вице-мэри ата-энелердин балдарга болгон кайдыгерлик мамилеси, өспүрүмдөрдүн психологиялык жактан жабыркоосуна алып келип жатат деген пикирин билдирди.

"Учурда баланы тарбиялоо, ага жетиштүү деңгээлде кам көрүү маселелери кийинки орунда калып, материалдык жактан толук камсыз кылуу жагын биринчи орунга чыгарып алдык. Мээримдин жетишсиздигинен эле, бала өз ордун бул дүйнөдөн таба албагандай сезүүдө. Андыктан, ар бир ата-эне менен биргеликте чогуу иш алып барсак, биз тараптан кандай иш алып баруубуз керектиги боюнча пикириңиздер болсо айтсаңыздар", — деди Эргешов талкуу учурунда.

Ош шаарынын тургуну Гүлмайрам Каныбекова мектептер ата-энелер менен биргеликте иш алып баруу зарылдыгын билдирди.

"Ата-энелер комитети гана кагаз жүзүндө иш алып барбастан чечкиндүү аракеттерди көрүүсү керек", — деди Каныбекова.

Республика боюнча былтыркы жылы мектеп жашындагы 94 бала өзүнүн жанын өзү кыйган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өткөн жылдын тогуз айында өлкөдөн ар түрдүү мүнөздөгү 92 зомбулук катталса, алардын 42 пайызы балдарга карата болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0