00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
17:30
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Депутат: былтыр 94 окуучу өз жанын өзү кыйган

© Фото / Jesse TherrienАрхив: балдарга жасалган зомбулук
Архив: балдарга жасалган зомбулук - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат Каныбек Иманалиев балдарга жасалган зомбулуктуу токтотуу жана балдар арасындагы кылмыштуулукту азайтуунун иш-чараларын аныктоо максатында өкмөттүк саат өткөрүүнү демилгеледи.

БИШКЕК, 5-фев — Sputnik. Депутат Каныбек Иманалиев балдарга жасалган зомбулуктун алдын алуу жана кыскартуу боюнча мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү зарылдыгын белгилеп жана февраль-март айларында бул боюнча өкмөттүк саат өткөрүүнү сунуштады. 

"Зомбулук акыркы учурларда эбегейсиз көбөйүп кетти. Бул бүгүнкү коомдун деградацияланып кеткендигинен кабар берет, буга кайдыгер карай албайбыз. Балдар арасында кылмыштуулук 2010-жылга салыштырганда 2013-жылы 2,5 эсе өсүптүр. Былтыркы жылы 94 мектеп жашындагы бала өзүнүн жанын өзү кыйыптыр. Андыктан, бул жаатта иш алып барып, тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү зарылдыгы келип чыгууда", — деди Иманалиев.

Парламентарий март же февраль айындагы өкмөттүк саатты ушул темага арнап, тартип коргоо органдары эле эмес, коомчулуктук көңүлүн буруу зарылдыгын айтты.

"Коомчулуктун, өкмөттүн, жалпы элдин, диний өкүлчүлүктүн көңүлүн буруу максатында март же февралдагы өкмөттүк саатты мектеп жашындагылар, жеткинчектер арасында зомбулукту токтотуу жана балдарды адап-ахлакка, мекенчилдикке тарбиялоонун иш-чараларын аныктоо боюнча өткөрүүнү сунуштайм", — деди Иманалиев.

ЖКнын бир катар депуттары балдарга жасалган зомбулук фактылары коомчулукка чыгып баштаганда, бул туурасында тыкыр иш алып баруунун жолдорун, ал эми бир катар парламентарийлер өлүм жазасын кайтарууну сунуштап башташкан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0