Сирия өкмөтү Алеппого чабуулдарды токтотууга даяр деп билдирет БУУнун атайын өкүлү

© Sputnik / Юрий Абрамочкин / Медиабанкка өтүүХалеб - крупный промышленный и культурный центр Сирийской Арабской республики
Халеб - крупный промышленный и культурный центр Сирийской Арабской республики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
БУУнун Башкы катчысынын Сирия боюнча атайын өкүлү Стефан де Мистура Сирия бардык авиа соккулардан баш тартат жана азыр өлкөнүн түндүгүндөгү чыр-чатакты токтото туруу боюнча план иштелип чыгып жатат деп билдирди.

Джихадист аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аялдарды Сирияга азгыруу түштүктө көп болууда
БИШКЕК, 19-фев — Sputnik. Сирия Алеппо шаарында бардык авиа соккулардан жана ок атуулардан бир жарым айга баш тартканга даяр деп билдирет РИА Новости БУУнун Башкы катчысынын Сирия боюнча атайын өкүлү Стефан де Мистурага таянуу менен.

Анын айтымында, БУУга Алепподон аёсуз кармаштар тууралуу билдирүүлөр үзгүлтүксүз келип жатат. Ошондуктан Алеппонун кайсы бир жерин БУУ сириялыктар үчүн шаарда чыр-чатактуу кырдаалды жоюунун үлгүсүнө айландырышына көмөк көрсөтүү боюнча Сирия жетекчилигине кайрылуу зарылчылыгы келип чыкты. 

Стефан де Мистура жакынкы арада расмий Дамаск бардык чабуул коюулардан баш тартуу баштала турган күндү жарыялайт деп билдирди.

"Сирия өкмөтү Алеппо шаарына абадан сокку урууларды, бомбалоону жана артиллериялык ок атууларды бир жарым айга токтотууга даяр. Ал Сириянын борборунан жарыялаган күнү башталат", — деп билдирди де Мистура ЖМК өкүлдөрүнө өлкөдөгү кырдаал боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешинин жабык отурумунан кийин.

Стефан де Мистура 17-февралда БУУнун ККнын аталган отурумун мамлекет башчысы Башар Асад менен жолуккандан кийин өткөргөн. БУУнун атайын өкүлү Сирия жетекчиси менен өлкөнүн түндүгүндө чыр-чатакты убактылуу токтотуу планын талкуулаган.

Жакынкы арада БУУнун атайын өкүлү оппозициялык тарап менен өз ара аракеттерди улантуу үчүн Дамаскка келет. 

"Биз БУУнун сурамына оппозициянын да ушундай эле жообун алыш үчүн өз ара аракеттерди жүргүзөбүз", — деди де Мистура.

Анын айтымында, мурдагы тажрыйбаларды эске алганда, буга жетишүү кыйын болот, жана ал эч кандай курулай ишеничке таянбайт. Бирок чыр-чатак убактылуу токтотула турган аймак мүмкүн болушунча тез жаралышы керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0