Апрель айында кайтадан электр энергиясынын баасы кымбаттайт

Жазылуу
Жаздын экинчи айынан баштап электр энергиясынын баасы кымбаттап, анын тарифи инфляцияны эске алуу менен кайтадан эсептелип чыгат.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Жылуулук берүү аяктагандан кийин, тактап айтканда апрель айынан тарта электр энергиясынын тарифи инфляциянын деңгээлин эске алуу менен өзгөртүлөт. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын колдонуу бөлүмүнүн башчысы Туратбек Жунушалиев билдирди.

Кыргызстандын энергетика системасындагы жабдуулардын жарымынан көбү эскирген
Анын айтымында, эл үчүн бир киловатт саат электр энергиясынын баасы болжол менен 84 тыйын болот деп болжонууда. 

Энергетика жана өнөр-жай министри Кубанычбек Турдубаев шаршемби күнү, 18-февралда өлкө президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугушту. Министр өлкө башчысына элди жана өнөр жай объектилерин электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана тарифтик саясат жөнүндө маалымат берди.

Жолугушуу маалында Атамбаев эл үчүн электр энергиясынын тарифи 1 киловатт саат үчүн 70 тыйындын деңгээлинде сакталышы керектигин баса белгиледи.

Энергетика маселелери боюнча адис Расул Умбеталиев электр энергиясынын баасы мындан ары кымбаттоонун гана үстүндө болорун айтат. 

"Өкмөт электр энергиясынын тарифин кара жорго бийи сыяктуу эле бийлетип жатат. Электр энергетика мыйзамынын негизинде Отун-энергетика агенттиги бекитилген тарифти алты ай бою өзгөртпөшү керек эле. Бирок, тилекке каршы 2014-жылдын 20-ноябрында чыккан 606-токтомдун негизинде кыска мөөнөттүү тарифтик саясатта 1-апрелден баштап электр энергиясынын баасы бардык колдонуучулар үчүн көтөрүлөт деп жазылган", — дейт ал.

Умбеталиев ошондой эле, 2017-жылга чейин электр энергиясынын баасы этап-этабы менен жогорулап отуруп, карапайым калк үчүн 1,20 сом болорун, өнөр жай ишканалары үчүн 2,70 сомго чейин жогорулай турганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, февраль айы үчүн белгиленген тариф боюнча салыктарды эске албаганда 700 киловатт сааттан ашык электр энергиясын колдонгон калк бир киловатт саат энергия үчүн 1,82 сомдон төлөйт. Бюджеттик мекемелер, айыл чарбасы, өнөр-жай ишканалары жана башка тармакта иштеген өндүрүш мекемелери 1,97 тыйындан төлөйт. Буга чейин, 700 киловатт-сааттан көп электр кубатын колдонгон карапайым калк 2,05 сомдон төлөшкөн болсо, өнөр-жай ишканалары үчүн 2,19 сом деп белгиленген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0