Чындыгында, Афганистанда туткунга түшкөн аскер кызматкерлери жана аталган аймактан чыгын келе жаткан жоокерлерди 15-февралдын экинчи жарымына чейин коргоп, саксактап кайтарып турган чек арачылар бөлүктөрү калган. СССРдин КГБсынын чек ара аскерлери Афганистандын аймагында туруп, советтик-афгандык кээ бирбөлүктүрө менен чек араны коргоо милдетин 1989-жылдын апрелине чейин аткарган.

Афганистан Демократиялык Республикасынан советтик интернационалчы-жоокерлер кайтып келе жатат.

Хайратон шаарындагы аскердик базада чатырларды тигүү учуру.

Саланг аркылуу кеткен жол.

Танка айдаган жоокерлер.

Афганистандан мекенине кайтып келе жаткан аскерлер, жаңы гана Амударыя аркылуу Достук көпүрөсүнөн афгандык-советтик чек араны кесип өттү.

Советтик аскерлердин колоннасы туулган жерине кайтып келе жатат.

Үйгө, туулган жерге кайтуу.

Эстеликке түшкөн сүрөт.

Жоокердин апаатта бирге болгон жакшы жардамчы менен коштошуп жаткан учуру.

Туулган жерде биринчилерден болуп тосуп алган адам.

Советтик аскерлерди миңдеген адамдар – Термездин жашоочулары, жоокерлердин туугандары жана офицерлер, советтик жана чет элдик журналисттер тосуп алышты. Туулган жердеги көптөн күткөн жолугушуу.

Дивизиондун командири Владимир Меллис үйүндө.

Чек арадагы көпүрөдөн өтүп келе жаткан акыркы аскердик техника.