БИШКЕК, 12 фев — Sputnik. Тарых музейинин директору Анаркүл Исиралиева имаратты реконструкциялоо боюнча алдыда турган иштер жөнүндө Sputnik кабарчысына айтып берди. Иштин натыйжасында музейде катылуу сакталган экспонаттардын 80 пайыздан көбүн кыргызстандыктарга көрсөтүүгө болот.
Тарыхый музей 1991-жылы Владимир Лениндин музейинин филиалына көчүрүлүп келген, жана таптакыр башка имаратка ылайыкташуу өтө татаал болгон. Азыр бизде Кыргызстандын байыркы мезгилинен бүгүнкү күнгө чейинки туруктуу иштөөчү толук экспозиция жок. Учурда ал көргөзмөлүк вариантта гана иштейт.
Музейди реставрациялоонун макетине жана долбооруна 490 миң сом сарп кылынды.
Биз музейди реконструкциялоо концепциясын иштеп чыгып, ага ылайык долбоордун эскизи менен макет даярдалды.
Алгач имараттын бир бөлүгүн гана реконструкциялоо пландалган эле, бирок долбоор менен тааныштыргандан кийин мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев музейди толук өзгөртүп жаңылоону сунуштады.
Музейдин бет маңдайында, музейге тиешелүү жердин астындагы 1 миң 400 чарчы метрден ашык аянттын дал үстүнө боз үй түрүндөгү конструкция курулат. Ал жерде биз археология боюнча экспонаттарды ачык жайгаштырып сактайлы деп жатабыз.
Реконструкциядан кийин музейдин экспозициясы дүйнөнүн бардык музейлериндей "спираль" түрүндө жайгаштырылат. Көргөзмө биринчи кабатта байыркы табылгалардан башталып, улам жогорулап отуруп Кыргызстандын азыркы жаңы тарыхына чейинки материалдарды камтыйт. Ага бешинчи деңгээлдеги акыркы эки ынкылап да кирет. Баса, музейдин кызматкерлери экспонаттарды (ок, ар кандай сыныктар, баш калкандар) аянатта болгон толкундоолор учурунда да чогулткандыктарын белгилөө керек.
Көп сандаган экспонаттарды көргөзмөгө койбогонубуздун себеби алардын коопсуздугу, тагыраак айтканда, коопсуздук деңгээли болуп эсептелет. Музейде "жалпак түспөлдүү" материалдарды сактоого эсептелинген күзөт сигнализациясы орнотулган. Ошондуктан реконструкциялоо долбооруна заманбап күзөт жабдуулары киргизилген.
Климаттык көзөмөлдүн жакшыртылган системасы өзгөчө саамалык болот. Ал уникалдуу экспонаттарды сактоодо өзгөчө маанилүү. Реконструкция фонддор сакталуучу жайларда да жүргүзүлүп, алар кайра пландалып оңдолот. Ошондой эле планыбызда өзүбүздүн реставрациялык устакана-лабораториябызды түзүү да бар. Ал жерде кайра калыбына кетирип, оңдоп түзөө талап кылынуучу экспонаттар менен иштемекпиз.
Музей-комплекс кескин өзгөртүүлөргө дуушар болот, жана анын эсебинен пайдалуу аянт бир топ кеңеймекчи. Имараттын конструкцияларынын капталдары айнектелип, ал тематикалык көргөзмөлөрдү өткөрүүгө пайдалануу пландалып жаткан аянттарды кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.
Балдар үчүн көргөзмө борборунун түзүлүшү биздин кичинекей көрүүчүлөрүбүздү кубантары шексиз. Өлкөнүн тарыхына болгон кызыгууларын арттыруу максатында алар үчүн көргөзмөлөр үзгүлтүксүз уюуштурулуп турмакчы.
Ар бир залда ар бир тема боюнча мониторлор жана эң жаңы электрондук маалымат түйүндөрү орнотулуп, көрүүчүлөр жеке кызыктырган маалыматтарды ала алат жана бул экспозициялык аянтты үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.
Алар үчүн маалымат топтому азыртан эле музей кызматкерлери тарабынан түзүлүп жатат. Музейчилер миңдеген буюмдарды "санариптештирип" жана алардын ар бири боюнча маалыматтарды даярдап жатат. Бул иш бардык тарыхый маанилүү экспанаттардын бирдиктүү электрондук каталогун түзүүнүн алкагында аткарылууда. Албетте жалпы колдонууга бардык материалдар алынып чыкпайт, бирок илимий иштер үчүн бул өтө чоң жана баалуу салым болот.
Музейдин имаратын реконструкциялоо боюнча иштерди каржылоону президент Атамбаевдин аракеттери менен жетишилген келишимдин негизинде түрк тарап өзүнө алат.