Ал саймага 1998-жылдан тартып кызыга баштаган. Колунан канча эмгек чыкканын санабаптыр, андан акча таап пайда көрөйүн деген деле ою жок.
"Мага жаккан картинаны тандап алам. Клод Моне, Рерих, Поленов, Айвазовский, Сальвадор Дали жана Шишкиндин картиналарын саймага түшүрдүм. Азыр техниканын өнүккөн заманы, Интернеттен жаккан сүрөттү таап, элесин түшүрүп алам. Мурда кол өнөрчүлүк боюнча журналдардан алчу элем. Саймачылык — менин жан дүйнөмө төп келген эрмегим", — деп айтып берди Төралиев.
Ар бир сайма татаалдыгына жараша бир айдан эки айга чейинки убакытты талап кылат. Ал жакшы чыгыш үчүн түстөрдү туура тандай билиш керек.
Тынчтыкбектин саймалары жакындарына, досторуна белекке кетет. Күнүнө саймачы бул эрмегине үч саатка жакын убактысын бөлөт.