БИШКЕК, 23 янв — Sputnik. Башкы прокурорлукка талапкер болуп жаткан Индира Жолдубаева Кыргыз Республикасынын эң жаш прокурору болуп калышы мүмкүн.
КРдин Баш прокурорлугуна талапкердиги сунушталып жаткан Индира Жолдубаева, быйыл 11-апрелде 36 жашка чыгат.
Баш прокурордун жаш курагы боюнча "КРдин прокуратура жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү 2009-жылдын 20-ноябрында киргизилген. Буга чейин аталган кызматка 40 жаштан төмөн эмес, 65 жаштан ашпаган, юридикалык адистик боюнча 15 жылдан кем эмес иштеген адистер дайындала турган.
23-январда, жума күнү парламенттеги КСДП, "Республика" фракциялары президент тарабынан Баш прокурорлукка сунушталган Жолдубаеванын талапкерлигин жактырды.
Буга чейин аталган башкы көзөмөл органын жетектеп келген Аида Салянова отставкага кетүү боюнча жазган арызынын негизинде кызматтан бошотулган.