БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Башкы прокурорлукка сунушталып жаткан Индира Жолдубаеванын талапкерлигин "Республика" жана КСДП фракцияларында каралып, талапкерлиги жактырылды. Жолдубаеваны фракциялар жыйынына депутаттарга президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарынбаев тааныштырды.
Башкы прокурорлукка көрсөтүлгөн талапкерди келе жаткан аптанын шейшембисинде, 27-январда ЖКнын профилдик комитети карайт. Бул туурасында ЖКнын маалымат кызматынын жетекчиси Толгонай Стамалиева билдирди.
Бейшемби, 22-январда, Алмазбек Атамбаев анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин кароосуна сунуштаган.