БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Президент Алмазбак Атамбаев Аида Салянованы Башкы прокурордук кызматтан бошотуу боюнча Жарлыкка кол койду. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.
КРдин Баш мыйзамынын 64-беренесинин 4-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык, Башкы прокурор Аида Салянованы кызматтан бошотуу Жарлыгына мамлекет башчысы кол койду.
Кечээ ЖКнын жыйынында Салянованын жазган арызын канааттандыруу үчүн 57 депутат "макул" деп добуш берген.