БИШКЕК, 21-янв — Sputnik. Бишкек шаарынын Свердлов райондук администрациясында балдарга жасалган кордук боюнча кайрыла турчу телефон номери ишке кирди.
Эгер жарандар кичинекей балдарды ата-энеси, туугандары, же башка кишилер уруп-сабаган, сексуалдык жактан кордогон фактыларды көрүп, билген болсо (0312) 53-04-16, 0555-66-00-38, 0554-40-03-92 телефондору аркылуу кайрылса болот.
Ошондой эле, жаш балдарга карата жасалган зомбулуктардын көп кездешкендигинен улам, мындай көрүнүштүн алдын алуу жана болтурбоо үчүн жергиликтүү башкармалыктар, кызматтар жана укук коргоо органдары менен биргеликте иш-чаралардын планы иштелип чыккан.
Жашоо-шарты оор үй-бүлөлөргө жардам берүү максатында Социалдык өнүгүү башкармалыгынын адистеринин кеңеш берүү боюнча иш графиги да түзүлдү.