БИШКЕК, 21-дек — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Элдик апрель революциясынын 5 жылдыгын жана Март революциясынын 10 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы кабарларды.
Уюштуруу комитетин премьер-министр Жоомарт Оторбаев жетектейт.
Уюштуруу комитети аталган иш-чараларды өткөрүү планын бир айлык мөөнөттө иштеп чыгып, өкмөт каржылык маселелерди чечүү жагын камсыздайт.