00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
17:30
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Япониянын ТИМи ИМ аскерлери япон жарандары барымтага алганы аныктыгын текшерүүдө

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүАрхив: "Ислам мамлекети" тобунун желеги
Архив: Ислам мамлекети тобунун желеги - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Япониянын Тышкы иштер министрлиги алдын ала маалыматтар боюнча “Ислам мамлекети” тобунун согушчандары барымтага алынган эки япон жараны Кэндзи Гото менен Харуну Юкавуну өлтүрөбүз деп коркуткандыгы көрсөтүлгөн интернет-видеонун кайдан келип чыкканын териштирип жатат.

БИШКЕК, 20-янв—Sputnik. Япониянын Тышкы иштер “Ислам мамлекети” тобунун согушчандары, эгер 200 миллион доллар төлөнбөсө, өлтүрөбүз деп жаткан япониялык эки жаран жөнүндө видеонун анык экендигин текшерүүдө деп билдирет РИА Новости.

Япониянын ТИМи "барымтага алынган япон жарандары боюнча маалымат топтоодо, ошондой эле маалымат менен видеонун аныктыгын жана аны кайсы уюм чыгарганын текшерүүдө" деп билдирди NHK телекомпаниясы.

Интернете "Ислам мамлекети" тобунун согушчандары барымтага алынган эки япон жараны Кэндзи Гото менен Харуну Юкаву үчүн 72 саат ичинде 200 миллион доллар төлөнбөсө, экөөнү тең өлтүрөбүз деп коркуткандыгы көрсөтүлгөн видео пайда болгон. 

Кэндзи Гото — япониялык журналист. Жакынкы Чыгыш жана Африка өлкөлөрүнүн коогалаңдуу жерлеринен даректүү тасмалар менен репортаждарды чыгарууга адистешкен өзүнүн Independent Press компаниясын жетектейт. 23-октябрдан тартып ал Тwitterде билдирүүлөрдү чыгарбай калган жана аны менен байланыш үзүлгөн. 

Харуна Юкава өзүнүн "Жеке аскердик компания" деп аталган фирмасын уюштуруп, өзү атабаган мамлекеттен видеотасмаларды чыгарып, "өмүрүмдөгү эң коркунучтуу ишке баратам" деп билдирген. Ал уурдалып кеткени тууралуу маалымат өткөн жылдын августунда пайда болгон. 

Ирак менен Сириянын орчундуу аймактарын басып алган "Ислам мамлекетинин" күч алышы 2014-жылы дүйнөнүн башкы көйгөйүнө айланды. АКШнын БЧБнын маалыматы боюнча 30 миңге жакын согушчандар кирчү бул топ өзү басып алган жерлерде халифаттын орногондугун жарыялаган. 

ИМ менен күрөшүүнүн бирдиктүү фронту жок: топко каршы менен Сирия менен Ирактын өкмөттүк күчтөрү, АКШ башчылык кылган эл аралык коалиция, ошондой эле ирактык жана сириялык курддар күрөшүп жатат. Согуш аракеттеринин натыйжасында бир нече миң карапайым тургун курман болуп, жүз миңдегени качкынга айланган, дагы бир нече миң адам ИМдин барымтасында жатат. 

"Ислам мамлекети" террористтик тобу жөнүндө толук мааалыматты Sputnik даярдаган инфографикадан көрсөңүз болот >>

Жаңылыктар түрмөгү
0