00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
17:57
2 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Дайынсыз жоголгондор: мифтер жана чындык
15:08
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
5 мин
Личный интерес
Голос предков: как менялась музыкальная культура кыргызов по обе стороны Алтая
16:06
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Дени сак бала — тынч ата-эне: күчтүү иммунитеттин сырлары
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Новый перечень жизненно важных лекарств — фармаколог о том, что изменится для пациентов и больниц
18:06
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
10 мин
Стоп-кадр
Кыргызстанда алгачкы медициналык “Дарыгер” сериалы тартылды
19:11
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Структура личности
Сибирская аграрная наука и Кыргызстан — совместные лаборатории и технологии для АПК
20:07
32 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Дайынсыз жоголгондор: мифтер жана чындык
21:05
38 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Акча алмаштыруу жайларынын ассоциация башчысы: биздин иш ак экенин далилдейбиз

Жазылуу
Акча алмаштыруу жайларынын "Альянс" деп аталуучу ассоциациясынын башчысы Бактыбек Чойбеков Улуттук банктын акча алмаштыруу жайларын жабуу жөнүндө демилгеси боюнча өз пикирин билдирип, "акча алмаштыруучулар өз иштеринин актыгын коргомокчу" деди.

БИШКЕК, 20-янв—Sputnik. "Биздин алып сатарлыкка эч тиешебиз жок жана өз көз карашыбызды коргойбуз", — деп билдирди Акча алмаштыруу жайларынын "Альянс" деп аталуучу ассоциациясынын төрагасы Бактыбек Чойбеков.

Кыргызстандын Улуттук банкы өлкөнүн аймагында акча алмаштыруу жайларын жабуу жөнүндө мыйзам долбоорун демилгелеп чыккан. Мындай чечимге, республиканын башкы каржы институтунун айтымында, “жеке акча алмаштыруу жайларынын пайда табууну көздөп сомго жасаган алып сатарлык аракеттери” болду.

Улуттук банктын демилгеси боюнча өз пикирин билдирип жатып, Чойбеков бүгүнкү күндө республика боюнча 309 акча алмаштыруу жайы катталганын билдирди(ал эми ассоциацияга мүчө болгондордун саны 181).

"Биз чындыгында акча алмаштыруу жайларын мыйзамдаштыруу ишинде Улуттук банкка көмөк көрсөтүшүбүз керек. Бүгүнкү күндө миңдеген акча алмаштыруу жайларынын ичинен 309у гана расмий иштейт. Биздин максат — “көмүскөдө иштеп жаткандарды” укуктук мейкиндикке алып чыгуу. Бул иш аткарылса, бюджетке канча киреше түшөт эле. Биз азыр жылына салык жана чегерүүлөр түрүндө мамлекетке 60 миллион сомго жакын акча төгөбүз, ал эми бардык акча алмаштыруу жайлары мыйзамдашканда, бул сан 200 миллионго жетмек", — деген маалымат берди ассоциацияя башчысы.

Анын айтымында, бардык эле акча алмаштыруучуларды алып сатарлык үчүн айыптай бергенге болбойт. Себеби чет элдик акчалар менен жүргүзүлчү операциялардын 94 пайызын коммерциялык банктар, ал эми калган 6 пайызын гана акча алмаштыруучу жайлар жүргүзөт.

"Мындай абалда биз алып сатарлыкка кантип таасир кылмак элек?", — деген суроону берет Чойбеков.

Ассоциациянын юристи Максат Бейшеналиев мыйзам долбоорун иштеп чыгуучулардын дарегине эки каршы пикир жиберилгенин айтты.

"Каршы пикирлер долбоордун текстине тиешелүү. Ошондой эле биз бул рынокту жөнгө салуунун кереги жок деп каршы оюбузду билдирдик. Валюталык операциялар жөнүндө тиешелүү мыйзамдарда бизде курсу либералдуу деп жазылган. Башкача айтканда, курс сунушталган жана конвертациялануучу валютага жараша аныкталат. Ушул жагдайларга таянып каршы чыгуудабыз", — дейт юрист.

Жаңы мыйзам долбооруна ылайык, чет элдик накталай акчалар аркылуу алмаштыруу операцияларын жүргүзүү укугу каржы-насыя мекемелерине: банктарга, насыялык бирикмелерге, адистешилген каржы-насыя мекемелерине, микро каржылык жана микро насыялык компанияларга берилмекчи.

Улуттук банк аталган мыйзам кабыл алынса, экономикага банктык көзөмөл жүргүзүү жана жөнгө салуу жол-жоболору жакшырып, акча алмаштыруу рыногунун катышуучуларынын тартиптүүлүгү жогорулайт деп эсептейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0