ЖК комитети АКШ элчилигине Токтогуловдун талапкерлигин жактырды

© Sputnik / Табылды КадырбековАрхив: Кадыр Токтогуловдун Twitterдеги баракчасы
Архив: Кадыр Токтогуловдун Twitterдеги баракчасы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитети КРдин АКШга дайындала турган элчисинин талапкерлигин жактырды.

БИШКЕК, 29-дек — Sputnik. ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитети президенттин маалымат катчысы Кадыр Токтогуловдун КРдин АКШдагы элчилигине талапкерлигин жактырды. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди. 

29-декабрда КРдин океан ары жагындагы мамлекетке боло турган жаңы элчисинин талапкерлиги тармактык комитетте карала тургандыгын бейшемби күнү ЖКдан билдиришкен.

Кадыр Токтогулов Бишкектеги Борбор Азиялык Америка университетинин бүтүрүүчүсү, 2012-жылдан тарта КРдин президентинин маалымат катчысы болуп иштейт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0