БИШКЕК, 15-дек — Sputnik. Алманбет Анапияев Дубайда кармалбаганын анын адвокаты Жыргалбек Бабаев биздин кабарчыга билдирди.
Анын айтымында, Анапияевди өткөн жумада полиция бөлүмүнө ким экенин аныктоо үчүн гана чакырып, андан кийин коё беришкен.
"Жалпыга маалымдоо каражаттарына Алманбет Анапияевди Дубайдан кармашты деген маалымат чыгып кеткен. Бул жалган. Анапияев ал жакта жашап жаткандыктан полиция бөлүмүнө ким экендигин аныктоо үчүн гана чакырышкан", — деди ал.
Бабаев өз сөзүндө, Анапияев эл аралык издөөгө алынганына карабастан, өзүн "күнөөлүү деп эсептебей турганын" кошумчалады.
2011-жылы Анапияевге Кылмыш жаза кодексинин "Тоноочулук", "Адам уурдоо" жана "Мыйзамсыз эркинен ажыратуу" беренелери боюнча сыртынан кылмыш иши козголгон. Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту аны камакка алуу өкүмүн чыгарып, ага издөө жарыяланган.