БИШКЕК, 26 ноя — Sputnik. Ысык-Көлдөгү жер титирөөдөн жапа чеккен айылдардын жашоочуларына жардам катары депутаттар айлык акысынан каражат которушмакчы. Бул тууралуу демилге ЖКнын бүгүнкү пленардык жыйынында колдоого алынды.
Айлыктарынан акча которуу боюнча арнамысчы Айнуру Алтыбаева, республикачыл Курманбек Дыйканбаев да демилге көтөрдү.
ЖК спикери Асылбек Жээнбеков мындай сунуш ЖК аппараты менен Иш башкаруу кызматынан да түшүп жаткандыгын айтты. Жыйынтыгында парламент демилгени добуш берүү менен колдоду.
Депутат Жумабеков жабырлангандарга азыр кандай жардам берилип жаткандыгына кызыгып, Өзгөчө кырдаалдар жана Каржы министрлиги жакынкы күндөрдө ЖКга келип маалымат беришин өтүндү.
Зилзаладан кийин президент Алмазбек Атамбаев ӨКМ жетекчиси Кубатбек Бороновду кабыл алып, биринчи кезекте билим берүү жана саламаттык сактоо жайларындагы кесепеттерди жоюуну тапшырган.
2014-жылдын 14-ноябрында Ысык-Көлдүн бир нече айылдарында күчү 3-7 баллга жеткен жер титиреген.