Абай атындагы Казак мамлекеттик опера жана балет театры 1934-жылы 13-январда ачылып, 1941-жылы театрга Академиялык деген ардактуу наам ыйгарылган. 1945-жылы улуу казак агартуучусу, ойчулу, гуманисти, акыны Абай Кунанбаевдин 100 жылдыгынын урматына аталган опера жана балет театрга анын аты берилген.

Спектакль башталарга бир саат калды. Театр балет сүйүүчүлөрүн күтүүдө, баары дапдаяр, шайма-шай турушат.

Грим актёрдун ишиндеги маанилүү бөлүк. Ар бир актёр аны өзү жасап алууну каалаганы менен, буга да шык-жөндөм керек.

3/12
Костюмер көрөмандардын көзүнө чалдыкпайт, бирок артисттер үчүн көшөгө артындагы кудайындай сезген адамдардын бири. Сахна кийимдеринин кынтыксыз келбети жана сакталышы костюмердин эмгегине, түйшүгүнө, камкордугуна жараша болот.

Айрыкча гастролдордо, сахна чеберлеринин кеп-кеңешин угуу, эч качан ашыктык кылбайт. Ар бир театрдын сахнасы кайталангыс.

Кийим илүүчү жайдын кызматкери да көрүүчүлөрдү күтүүдө – театрдын маданияты кийим чечкен жерден башталат эмеспи.

Искусство сүйүүчүлөрүнүн алгачкылары. Акыркы жылдарда театрга жаштардын келе башташы кубантаарлык көрүнүш.

Акыркы даярдыктар бүтүп, көшөгө ачыларына саналуу көз ирмемдер калды. Сахнанын артында артисттер бир дем менен турушат.

Сахна алаканга салгандай. Оюн биздин театр сүйүүчүлөр үчүн жаңы, андыктан баары бир дем менен көрүшүүдө.

Ашык болгон Ромео Абай театрынын бийчиси.

Жалпы оюндардагы жасалгалуу кийимдер Шекспирдин трагедиясындагы сезимдерге кошумча маанай берип тургандай.

Шатырата кол чабууларга арзыган Жульетта бир да көрүүчүнү кайдыгер калтырган жок.

Чарчаган артисттин спектаклден кийин эс алып жаткан кези...