Даярдыкты чыңдап. Союздаштардын аскерлери Афганистан чек арасына жакын машыгат

© AP Photo / Rahmat GulСитуация в Кабуле
Ситуация в Кабуле - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.07.2021
Жазылуу
Афганистандагы кырдаал курчуп барат. Аны менен чектешкен мамлекеттерге таралуу тобокелдиги бар. Москва чөлкөмдүн күрөө тамырын кармай баам салып турат.
Александр Хроленко, аскердик баяндамачы
Талибдерге байланышып, аларга РФке союздаш Борбор Азия өлкөлөрүнө экспансияга аракет жасалса, чоң жоготууларга тушугарын эскертүүдө.
Аскердик баяндамачы Александр Хроленко ошону менен бирге эле террордук уюмдун "саясий кеңсесинин" убадаларына ынанып албастан, афган чек араларына жакын чөлкөмдөгү союздаштары менен биргеликте мурда болуп көрбөгөндөй машыгууларды уюштуруп жатканын белгилейт. Анын бул өңүттөгү макаласы РИА Новости сайтына жарык көргөн.
Авиабаза Кант — военный аэродром, расположенный в Чуйской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.07.2021
ЖМК: Путин Байденге Канттагы аскер базасын колдонууну сунуштады
Россиянын атайын жана тынчтык орнотуучу бирикмеси август жана сентябрь айларында Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын аскердик күчтөрү менен биргеликте тогуз террорго каршы окуу өткөрөт. Эгер афган реалдуулугу өз түзөтүүлөрүн киргизип койбосо эле бул таасир калтырарлык окуулар топтому Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин (Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан) 4000ден ашуун аскеринин катышуусундагы "Тынчтык миссиясы – 2021" стратегиялык машыгуулары менен жыйынтыкталат.
Борбор Азия багытында Россиянын атайын күчтөрүнүн дээрлик бүт каймактары машыга алат. Окууларга катышуучулар тизмегинде РФтин атайын даярдыктагы жалпы күчтөр армиясынын бөлүгү, атайын багыттагы 2 жана 24-бригадалары (Псков жана Новосибирск боюнча), 31-десанттык-чабуулчу бригадасы (Ульяновск), 55-тоо бригадасы (Кызыл), 15-тынчтык орнотуучу бригадасы (Самара облусу), Тоолуу Карабахта кызмат өтөп жаткан адистер бар. Булардан сырткары Кыргызстан жана Тажикстандагы россиялык аскердик базалардын авиатоптору, 201-аскердик базанын С-300 зениттик-ракеталык тутумдары тартылат. Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстан да жетүүгө кыйын болгон тоолуу жерлердеги аракеттерге атайын даярдалган бөлүктөрү менен катышышы мүмкүн.
"Талибандын" өкүлдөрүнөн алынган коопсуздук кепилдиктерине карабастан Россия жана анын Борбор Азиядагы союздаштары Афганистандагы куралдуу тирештин кескин курчуп кетишине да камылга көргөнү оң. Мылтыкты октолуу, ал эми күчтөрдү мыйзамсыз куралданган түзүмдөрдү майнаптуу жок кылууга даяр туткандан залал келбейт.
Афганистандагы аскердик аракеттердин башаламандыгынан, татаал кырдаалдан отузга чукул террордук топтун согушкерлери пайдаланып кетиши ыктымал.

Чындыкка жакын уламыштар

Августтун башында РФ жана Өзбекстандын бириккен аскердик тобу коңшу республиканын Сурхандарыя облусунда машыгуу өткөрөт. Аталган аймак Афганистан менен чек арага жакын. Россиянын атынан Борбордук аскердик округдун атайын даярдыктагы 24-бригадасынын чалгындоо тобу жана тынчтык орнотуучу 15-бригаданын бөлүктөрү катышмакчы.
Аскердик күчтөрдүн адистешүүсү жана жогорку кесиптик деңгээл тынчтык орнотуучу кыска операция форматында чөлкөмдөгү согушкерлерди жок кылуу жана кырдаалды турукташтыруу милдеттерине төп келет. Учкуч менен тескелген жана учкучсуз сокку уруучу авиация абадан колдойт. Өзбекстандагы Термез полигонунда россиялык спецназ окууларды улам уюштуруп келет. Адатта мында чек ара аркылуу өтүп республиканын калктуу пунктуларынын бирин басып алган террордук топту ыкчам жок кылуу сценарийи боюнча өтөт. Күчтөрдүн биргелешкен тобунун бул иш-чаралары экинчи баскычта Кыргызстандагы "Эдельвейс" окуу борборунда уланат.
Ситуация в Афганистане из-за боевых действий между официальными властями и талибаном - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2021
Талибдер ок атууну токтотуу үчүн эки шарт койду
Атайын окуулар форматындагы "Чек ара – 2021" Борбор Азия чөлкөмүнүн Ыкчам аракет этүүчү жамааттык күчтөрү түштүк тараптан басып кирген террордук отряддарга бөгөт болуу жана жок кылууга машыгат. РФ күчтөрүнүн атынан Кант шаарындагы аскердик базанын курамындагы 55-мото аткычтар тоо бригадасы жана Су-25СМ чабуулчулар экипаждары катышат. Ачыгы, бул учактар ушул айда эле Кыргызстандын тоолуу жерлеринде "террорчулардын" базалары жашынган жайларын издөөгө киришти.
Тажикстандагы 201-россиялык аскердик базасы үчүн да жай аяктап, күз башталган убак айрыкча кызуу болгудай. Красноярск аймагындагы "Ергаки" окуу борборунда, 3000 метрге чейинки бийиктикте 100 аскер кызматкери жогорку даярдыктан өттү. Эске салсак, 201-россиялык аскердик базасынын курамында бир нече мото аткычтар батальону, артиллериялык дивизион, авиатоп жана камсыздоочу бөлүктөр бар.
Борбор Азия стратегиялык багытында 201-база баш ийген россиялык Борбордук аскердик округунун толук дараметин эске алуу зарыл. Мисалы, 2021-жылы округ тескелүүчү куралды колдонууга даярдалган ыкчам-тактикалык авиациясынын учкучтарынын санын эки эсеге арттырган. РФ Борбордук аскердик округунун артиллеристтери радиобайланыш каражаттары менен окту тескөө тутумун автоматташтырган.
Аскердик техника компьютерлештирилген. Маалыматтар базасындагы координаттар артиллериялык сокку уруунун убактысын кыйла кыскартат. Июнь айында эле "фронтко жакын" округ жаңы куралдын 180 бирдигин алган. Тажикстанда Афганистандан аскердик коркунучтар жаралып калса, анын мизин кайтарууну пландоо менен Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Бириккен штабынын ыкчам тобу алектенет.

Ыкчам жагдай

Афганистандын талибдер басып алган түндүк провинцияларында миңдеген адамдар өз үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушту. Согушкерлер АКШ жана НАТО күчтөрүнүн чыгарылышынан кийин калган америкалык куралдар менен бекемделди (ушундай жол менен "эмирлик" 10 миңге чукул курал бирдигине ээ болду). Мындан кийинки окуялар нугун болжоп болбойт, Афганистандын чек араларынын баарын бекем бүтөп коюу мүмкүн эмес. Өзбекстан, АКШ, Пакистан жана Афганистан афган тынчтык процессин колдоо максатында консультацияларды өткөрүү үчүн жаңы төрт тараптуу аянтчаны түзүүнү чечишти.
Во что Талибан превратил Афганистан и как теперь живут мирные жители. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2021
Афганистан азап чеккен өлкөгө айланып баратканда. Видео
АКШ Афганистандагы операцияларын жыйыштырып, күчтөрүнүн 95 пайызын чыгарып, Баграм авиабазасын калтырып кеткен соң америкалыктардын катышуусундагы бардык сүйлөшүүчү аянтчалар анча ынандырарлык эмес. Пакистан 17-июлда Афганистан боюнча тынчтык конференциясын өткөрүү планы жөнүндө жарыялаган. Бирок ошол эле убакта расмий Кабул Афганистандын Пакистан менен чек арасындагы Спин-Болдак районундагы талибдерди сүрүп чыгаруу аракети көрүлсө, пакистандык Аскердик-аба күчтөрү күч колдонууга даяр экени тууралуу эскертүү алган.
Project Syndicate басылмасы: "Кошмо Штаттар афгандыктарды дүйнө узак жылдар бою жырткычтык жана ырайымсыздыгына күбө болуп келе жаткан мародерчу ислам күчүнүн кучагына салып берүүдө. Бүгүнкү күндө талибдердин чабуулу он миңдеген жай жарандарды жер которууга мажбур кылды", - деп жазды.
"Талибандын" ийгилиги артып бараткан маалда түркиялык Anadolu маалымат агенттиги РФтин Борбор Азия республикалары менен аскердик кызматташуунун кеңейишин, ал тургай чөлкөмдөгү өлкөлөрдө жаңы россиялык базалардын, "эң оболу Өзбекстанда" ачылышын жоромолдойт. Аталган республика дегеле ЖККУнун курамында эмес. Калганын көрө жатарбыз...
Жаңылыктар түрмөгү
0