Индияда балдардын коронавирустан кийинки оорусу жаралды

© AFP / NARINDER NANUИндияда Амритсар шаарындагы аялдар балдары менен. Архив
Индияда Амритсар шаарындагы аялдар балдары менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2021
Жазылуу
Бул синдромду алып жүргөн балдар Махараштра, Харьяна, Пенджаб жана башка штаттардан кезиге баштаган. Ооруп калгандардын так саны айтылбаганы менен алар жүздөп саналат деген билдирүүлөр түшүүдө.
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Индияда COVID-19 менен ооруп айыккан балдардын мультисистемалык кабылдап кетүү синдромуна тушукканы айтылууда. Мындай кабарды The Times of India басылмасы таратты.
Чандигарх шаарындагы Медициналык институттун педиатрия боюнча интенсивдүү терапия жана медициналык жардам көрсөтүү бөлүмүнүн жетекчиси, профессор Жаяшринин айтымында, бул синдромду былтыр кезиктиришкен. Анын саны жыл сайын өсүүдө.
Сөз болуп жаткан синдромду алып жүргөн балдар Махараштра, Харьяна, Пенджаб жана башка штаттардан кезиге баштаган. Ооруп калгандардын так саны айтылбаганы менен алар жүздөп саналат (Чандигарх шаарында эле 252 балага жеткен) деген билдирүүлөр түшүүдө.
Дарыгерлер коңгуроо кагып, эскертүү берүүдө. Алар аталган оору боюнча расмий жалпы улуттук статистика жүргүзүлбөгөндүктөн аны менен күрөшүү боюнча сунуштар жок экендигин билдиришти.
Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасынын жетекчиси Гүлжигит Аалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2021
COVID "жашарды", бир жаштагы балдар ооруканага түшүүдө. Гүлжигит Аалиевдин маеги
Адистер балдар негизи коронавирусту жеңил көтөрүп кетерин, бирок андан кийин ушундай синдром пайда болорун айтышты. Оору өспүрүм же бала COVID-19дан айыккандан төрт-алты аптадан кийин пайда болорун айтышты. Эт ысып, калчылдап, көздөн жаш агып, ич өтүп жана куса баштайт. Кан басымы түшүп кеткен учурлар да кездешүүдө. Мультисистемалык кабылдап кетүүнүн кесепети боюнча дарыгерлер коңгуроо кагып жатышат. Медиктердин муну балдардын башка илдеттери менен алмаштырып алган учурлары да аз эмес.
Пульмонология боюнча адис, профессор Мину Сингх кеселдин келип чыгышын кыймылдын аз болушу менен байланыштырган. Адис пандемиядагы мектептеги чектөөнүн кесепетинен балдар сейрек сейилдеп, аз кыймылдагандык синдромго себепкер болуп жатканын айткан.
Медиктер мындай синдромго толук, салмагы оор балдар көбүрөөк кабыларын белгилеп жатышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0