Башы бош ханзаада, ханбийкелер. Падышалык тактыны мурастоочулардын тизмеси

© AP Photo / Joel C RyanЛеди Амелия Виндзор. Архив
Леди Амелия Виндзор. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2021
Жазылуу
Sputnik падышалык үй-бүлөлөрдөгү үйлөнүп же турмушка чыга элек жигит-кыздарды тизмелеп, аларды кайсы жерден жолуктурууга болорун баяндап берди.
Мурда падышалардын уул-кыздары мамлекеттердин, эки элдин ортосундагы байланышты чыңдоо үчүн үйлөнүп же турмушка узаса, азыр бул анчалык мааниге ээ болбой бара жатат. Ак сөөк деген ал улан-кыздар карапайым элдин арасынан арзыганын кезиктирген учурлар четтен табылат.
Төмөндө никеге туруп, үй-бүлө күтө элек ак сөөк кыз-жигиттерди санайбыз:

Хуссейн бин аль-Абдалла — Иорданиянын ханзаадасы, 27 жашта

27 жаштагы Хуссейн — атактуу Жоржтаун университети менен Сандхерст (Улуу Британия) академиясын аяктаган. Иордания эле эмес, дүйнөдө да өтө белгилүү. Анын Instagram баракчасына катталгандардын саны 2,8 миллион адамдан ашат. Чыгарган блогдорунан светтик иш-чараларды жана саякаттарды көрүүгө болот. Ханзаада, мындан сырткары, мотоцикл айдоо, футбол ойноо жана гитара чертүү менен алектенет. Мунун баарын анын социалдык тармагын барактаган киши шашпай көрө алат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Al Hussein bin Abdullah II (@alhusseinjo)

Хуссейн кайрымдуулук менен алектенип, ага кошумча атасы, падыша Абдалла IIни расмий сапарларда коштоп жүрөт.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Al Hussein bin Abdullah II (@alhusseinjo)

Иорданиянын өкүлү катары жүргөндүктөн, ханзааданы дүйнөдөгү расмий жана светтик иш-чаралардан жолуктурууга болот. Мындан сырткары, ал өзүнүн өлкөсүнүн ичинде да көп саякаттайт, Европага каттап турат. Ал жакка Сандхерстиде окуган карындашын көргөнү барат.

Николай — Дания ханзаадасы, 21 жашта

Николай Дания ханзаадасы жана Монпеза графы титулуна ээ. Каныша Маргрете IIнин улуу небереси жана тактынын жетинчи орундагы мураскери.
2018-жылы Лондондогу Мода жумалыгында модель катары чыгып, көптөргө жаккан. Бүгүнкү күндө ошол ийгилигинин артынан подиумдан түшпөй, дүйнөдөгү көп кыздардын жүрөгүнө чок салып келет.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от H.H Prince Nikolai of Denmark (@prins.nikolai)

2021-жылдын январында 21 жаштагы бул жигит Dior чыгарган эркектердин жаңы үлгүдөгү кийимдерин Париждеги Мода жумалыгында элге алып чыкты. Европадагы модалуу иш-чараларга барган киши ханзаада Николай менен жолугууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от H.H Prince Nikolai of Denmark (@prins.nikolai)

Себастьян — Люксембург ханзаадасы, 29 жашта

Себастьян Люксембургдун башкаруучусу, герцог Анринин уулу. Тактынын бешинчи орундагы мураскери басылмаларга көп чыга бербейт. АКШнын Маркетинг жана коммуникация боюнча университетинде бакалавр даражасын алган. Беш тилде сүйлөйт.
Ханзааданы негизинен тоодогу лыжа базаларынан кездештирүүгө мүмкүнчүлүк бар, себеби Себастьян лыжа тепкенди жанындай жакшы көрөт жана көп саякаттайт.

Брунейдин ханзаадасы Абдул Матин, 28 жашта

Азиядагы көптөр суктанган башы бош жигиттердин бири. Монарх атасынын байлыгы 20 миллиард доллар деп бааланып келет. Матиндин Instagram баракчасына жазылгандардын саны 2,3 миллионго жакын.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Mateen (@tmski)

Ханзаада поло, бокс жана аскер иштерине кызыгат. Лондон университетинен билим алып, магистр даражасына ээ болгон, Сандхерстидеги Аскер академиясынан диплом алган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Mateen (@tmski)

Анын айтымында, төгөрөгү төп келген кыз "жасалма эмес, жөнөкөй" болууга тийиш. Мындай сапатка эгедер кыздар бруней ханзаадасын спорттук залдан, "Манчестер Юнайтеддин" беттештеринен, поло боюнча турнирлерден же өзүнүн өлкөсүнүн кызыкчылыгын көздөп катышкан эл аралык уюмдардын ар кыл отурумдарынан кездештире алат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Mateen (@tmski)

Константин-Алексиос — Греция менен Дания ханзаадасы, 22 жашта

22 жаштагы ханзаада Константин-Алексиос таасирдүү бир нече үй-бүлөгө таандык. Атасы Греция менен Дания монархтарынын мураскери, чоң атасы миллиардер жана Duty Free дүкөндөрүнүн тең кожоюну Роберт Миллер.
Константин-Алексиос аскер билимин алган жана бош учурунда живопись, скульптура менен алектенет.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Constantine Alexios (@alexiosgreece)

Табиятка жакын бул жигитти учурда билим алып жаткан Жоржтаун университетинен кезиктирүүгө болот. Instagram баракчасына (190 миң киши катталган) кинематографиялык видеолорду, жаратылыштын сүрөттөрүн жайгаштырып турат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Constantine Alexios (@alexiosgreece)

Амелия Виндзор айым — Улуу Британия, 26 жашта

26 жаштагы Амелия Виндзор — ханзаада Эдварддын небереси (ал ханыша Елизавета IIнин эки ата өткөн тууганы), падыша Георг Vтин тукуму, тагыраагы, небересинин кызынын кызы. Амелия Виндзор тактынын 38-орундагы мураскери.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Mel 🍯 (@amelwindsor)

Аны падышалык үй-бүлөдөгү эң сулуу кыз деп таанышат. Амелия Эдинбург университетин аяктаган, модель болуп иштеп, журналистика менен алектенет, светтик иш-чараларга көп катышат. Улуу Британиядагы карантин учурунда кыз-келиндердин кооз буюмдары боюнча өзүнүн коллекциясын иштеп чыккан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Mel 🍯 (@amelwindsor)

Амелия Виндзорду Лондондогу көңүл ачкан клубдардан же Британиядагы кооз жерлерден кездештирүүгө болот. Себеби ал көп саякаттап, өлкөнүн сүрөттөрүн Instagram баракчасына коёт. Баса, 88 миң катталуучусу бар.

Сириваннавари Нариратана — Таиланддын ханбийкеси, 34 жашта

Таиланддын падышасы Рама Xдун жалгыз кызы. Бул айымдын ар тараптуу инсан экени айтылат. Спорт менен машыгып, мода дүйнөсүнө аралашып келет. Бадминтон боюнча Таиланддын курама командасында ойноп, Түштүк-Азия оюндарында алтын медаль утуп алышкан. Андан сырткары, веложарыш жана ат спортуна кызыгат. Бангкок университетинен "мода жана текстиль" адистиги боюнча бакалаврдык деңгээлде билим алган. Франция, Италиядагы мода үйлөрүндө окуп, тажрыйба топтоп, иштеп келген.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от 💛HRH PRINCESS SIRIVANNAVARI💛 (@welove_sirivannavari)

Азыр 34 жашта. Турмушка чыга элек жана жеке жашоосу тууралуу эч кимге эч нерсе айтпайт. Мындан бир канча жыл мурда папарацци анын эркек киши менен сүрөткө тартып алып, бирок ким экендиги сыр бойдон калган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от 💛HRH PRINCESS SIRIVANNAVARI💛 (@welove_sirivannavari)

Александра Люксембург, 30 жашта

Ханбийкенин толук аты — Александра Жозефина Тереза Шарлотта Мария Вильгемина Люксембург. Ал үй-бүлөдөгү төртүнчү бала болгондуктан тактынын да 4-мураскери.
Люксембург герцогу Анринин жалгыз кызы.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Luxembourg Royals (@luxembourgroyals)

Өзүнүн статусуна жараша ал беш тилде эркин сүйлөйт, атты жакшы минет, теннис ойнойт, суу лыжасы менен алектенет. Кайрымдуулук иштерин унутпайт. Качкындарга жардам көрсөтүү борборунда волонтёр жана Жаныбарларды коргоо лигасынын жетекчиси. Александраны Европадагы теннис кортторунан кезиктирүү мүмкүнчүлүгү бар.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Luxembourg Royals (@luxembourgroyals)

Бельгиялык Елизавета — Брабант герцогинясы, 19 жашта

Елизавета — Бельгиянын мураскер ханбийкеси, падыша Филиптин улуу кызы. Өзүнөн кийин эки инилүү бул кыз Бельгиянын ханышасы боло алат. 19 жаштагы ханбийке энеси тарабынан польшалык ак сөөктөргө, Литва Ягеллондоруна жана Россиядагы көп дворяндык тукумдарга кандаш.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Princess Elisabeth | Fanpage (@duchessofbrabant)

Өткөн жылдын май айында Уэльстеги колледжди аяктап, Падышалык аскер академиясына тапшырган. Белгия ханбийкесинин расмий баракчасына кыздын олуттуу аскердик кийим жана автоматчан сүрөттөрү көп чыгып турат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Princess Elisabeth | Fanpage (@duchessofbrabant)

Ганноверлик Александра — Монако ханбийкеси, 21 жашта

Атактуу Грейс Келлинин небереси ханбийке Каролина менен ханзаада Эрнст Август Vтин жалгыз кызы. Учурда Нью-Йорк университетиндеги саясат таануу жана философия факультетинде билим алып жатат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Alessandra of Hannover (@alessandradeosmatribute)

21 жаштагы ханбийке светтик хроникада көп пайда болбойт. Былтыр басылманын мукабасы үчүн биринчи ирет тартылып, анын фотосессиясы Парижде өткөн.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Grimaldi & Casiraghi (@grimaldicasiraghi)

Жаңылыктар түрмөгү
0