Шымы шыпырылганына карабай... Жүргүнчүлөрдүн мушташкан видеосу

© AP Photo / Lynne SladkyМайами аэропортундагы жүргүнчүлөр. Архив
Майами аэропортундагы жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2021
Жазылуу
Төрт жүргүнчү Чикагого кетем деп отурган. Бирок авиакомпаниянын кызматкери үч эле орун бар экенин айтып, кийинки учакты күтүүнү же үч кишинин кете беришин айткан.
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Американын Майами шаарында учакка орун таппай калган жүргүнчүлөр аэропортто массалык мушташ чыгарган. Бул тууралуу CBS Chicago басылмасы жазды.
Порталдын жазганына караганда, окуя 25-апрелде болгон. Төрт жүргүнчү American Airlines компаниясынын каттамы аркылуу Чикагого кетем деп отурган. Бирок авиакомпаниянын кызматкери үч эле орун бар экенин айтып, кийинки учакты күтүүнү же үч кишинин кете берүүсүн айткан.
Кийин милициянын билдиришинче, төрт кишиден турган белгисиз топ берки үч саякатчы менен мушташа кеткен.
Окуянын күбөлөрү тарткан видеодон жети кишинин бири-бирин койгулап, кээси эки-экиден болуп урушуп, жерге жыгылгандарын башкалары тепкилеп жатканын көрүүгө болот. Башка жүргүнчүлөр аларды ажыратууга аракет кылышкан.
Ал эми алардын бир катарлары шымы шыпырылганына карабай мушташканы кадрга түшүп калган.
Жабыркагандар сабап кеткендерге карата арызданган эмес. Тартип коргоочулар бир кишини кармап, качып кеткен берки үчөөнү издеп жатканы айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0