https://sputnik.kg/20210428/aksh-uchakka-orun-talashkandar-video-1052284959.html
Шымы шыпырылганына карабай... Жүргүнчүлөрдүн мушташкан видеосу
Шымы шыпырылганына карабай... Жүргүнчүлөрдүн мушташкан видеосу
Sputnik Кыргызстан
Төрт жүргүнчү Чикагого кетем деп отурган. Бирок авиакомпаниянын кызматкери үч эле орун бар экенин айтып, кийинки учакты күтүүнү же үч кишинин кете беришин... 28.04.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-04-28T09:06+0600
2021-04-28T09:06+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
дүйнөдө
окуялар
акш
аэропорт
учак
мушташ
https://sputnik.kg/img/07e5/04/1b/1052284169_0:0:3072:1738_1920x0_80_0_0_9675625d8f327d7a215c56db708161b8.jpg
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Американын Майами шаарында учакка орун таппай калган жүргүнчүлөр аэропортто массалык мушташ чыгарган. Бул тууралуу CBS Chicago басылмасы жазды.Порталдын жазганына караганда, окуя 25-апрелде болгон. Төрт жүргүнчү American Airlines компаниясынын каттамы аркылуу Чикагого кетем деп отурган. Бирок авиакомпаниянын кызматкери үч эле орун бар экенин айтып, кийинки учакты күтүүнү же үч кишинин кете берүүсүн айткан.Кийин милициянын билдиришинче, төрт кишиден турган белгисиз топ берки үч саякатчы менен мушташа кеткен.Окуянын күбөлөрү тарткан видеодон жети кишинин бири-бирин койгулап, кээси эки-экиден болуп урушуп, жерге жыгылгандарын башкалары тепкилеп жатканын көрүүгө болот. Башка жүргүнчүлөр аларды ажыратууга аракет кылышкан.Ал эми алардын бир катарлары шымы шыпырылганына карабай мушташканы кадрга түшүп калган.Жабыркагандар сабап кеткендерге карата арызданган эмес. Тартип коргоочулар бир кишини кармап, качып кеткен берки үчөөнү издеп жатканы айтылды.
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/04/1b/1052284169_0:0:3072:1930_1920x0_80_0_0_b39245c515d26058b341b74fccdc63db.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, дүйнөдө, окуялар, акш, аэропорт, учак, мушташ
жаңылыктар, дүйнөдө, окуялар, акш, аэропорт, учак, мушташ
Шымы шыпырылганына карабай... Жүргүнчүлөрдүн мушташкан видеосу
09:06 28.04.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Төрт жүргүнчү Чикагого кетем деп отурган. Бирок авиакомпаниянын кызматкери үч эле орун бар экенин айтып, кийинки учакты күтүүнү же үч кишинин кете беришин айткан.
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Американын Майами шаарында учакка орун таппай калган жүргүнчүлөр аэропортто массалык мушташ чыгарган. Бул тууралуу
CBS Chicago басылмасы жазды.
Порталдын жазганына караганда, окуя 25-апрелде болгон. Төрт жүргүнчү American Airlines компаниясынын каттамы аркылуу Чикагого кетем деп отурган. Бирок авиакомпаниянын кызматкери үч эле орун бар экенин айтып, кийинки учакты күтүүнү же үч кишинин кете берүүсүн айткан.
Кийин милициянын билдиришинче, төрт кишиден турган белгисиз топ берки үч саякатчы менен мушташа кеткен.
Окуянын күбөлөрү тарткан видеодон жети кишинин бири-бирин койгулап, кээси эки-экиден болуп урушуп, жерге жыгылгандарын башкалары тепкилеп жатканын көрүүгө болот. Башка жүргүнчүлөр аларды ажыратууга аракет кылышкан.
Ал эми алардын бир катарлары шымы шыпырылганына карабай мушташканы кадрга түшүп калган.
Жабыркагандар сабап кеткендерге карата арызданган эмес. Тартип коргоочулар бир кишини кармап, качып кеткен берки үчөөнү издеп жатканы айтылды.