Баш кесерлерге президенттик ырайым. Америкалык аскер бизнесинин келечеги

© AFP / BRENDAN SMIALOWSKIПодготовика к дню памяти в Национальном кладбище Арлингтона, США
Подготовика к дню памяти в Национальном кладбище Арлингтона, США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жылдын жана АКШнын азыркы президентинин тактыдагы соңку айы мунапыс берүү менен коштолду. Бул ирет Дональд Трамптын алдына мурда ырайым тууралуу ооз ача да албагандардын тизмеги келген.
Мунапыс алгандардын арасында "Блэкуотер" жеке аскердик компаниясынын (ЖАК) төрт жалданма жоокери да бар. Алар Мамлекеттик департаменттин кызматкерлери менен конвойдо жүргөн маалда, тагыраагы, 2007-жылдын сентябрында Багдаддагы Нисур аянтында чаламандын чак түшүндө башаламан аткылашкан. Натыйжада алардын огунан 17 жай жаран набыт болуп, 20 киши жараланган. Вероника Крашенинникованын Кошмо Штаттардагы аскердик бизнес жана анын ырайымсыз жоокерлери туурасында кеп салган макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган. 
2016-жылы Обама кетип жатканда бул жалданма аскерлер мунапыска кабылууга үмүттөнүшкөн да эмес. Аталган компаниянын жоокерлери көпкө изделип жатып, колго түшүрүлгөнүн эске сала кетели.
АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ачык чакырык. Трамп күрөшкө акыркы ресурсун салды
Америкалык жеке аскердик компаниялар үчүн өлкөдө аскердик операция жүргүзүүнүн мыйзамы таптакыр жок: Вашингтон аскердик кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюуда жалданма аскерлерди аталган өлкө (Ирак) аймагында кылмыш кылган учурда жоопкерчиликтен бошотууну сөзсүз камтыйт. Американын өзүндө жеке аскердик сектордун лоббисттик аракеттери да кеңири.
Жалданма аскерлерге бир жылдан ашуун убакыттан соң – 2008-жылдын декабрында айып тагылып, кайра 2009-жылы ишти жүргүзүүнүн натууралыгынын негизинде коюлган кинелер алынган!
2011-жылдын апрелинде иш кайра жанданып, соттун мурдагы чечими жаңылыштык деп табылган. 2012-жылдын январь айында "Блэкуотер" кандуу окуянын алты курмандыгынын үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөп берүү менен кутулууга тырышкан.
2014-жылы гана (кылмыш жасалгандан жети жыл өткөндө!) жалданма аскерлер кесилип, биринчи ок атканы өмүр бою, калган үчөө 30 жылга эркинен ажыратылган. 2019-жылдын августунда апелляциялык сот да өмүр бою эркинен ажыратууну тастыктаган. Бирок тастыкталган өкүмгө карабастан соттолгондор Дональд Трамптан ырайым алууга мүмкүнчүлүк бар экенин билишкен. Анткени президенттик ырайым берүүнүн кадыресе убагында деле ал ашынган баш кесерлердин да аскердик кылмыш жоопкерчилигин алып (жоюп) салган.
2019-жылдын ноябрында президент АКШнын Аскердик-деңиз флотунун спецназы Эдди Галлахерге мунапыс берген. Ал былтыр июлда ИГИЛ* мүчөсү катары кармалган өспүрүм туткунду мергенчилик бычак менен эч себепсиз өлтүргөндүгү жана анын сөөгүнүн жанында сүрөткө түшкөнү үчүн соттолгон. Галлахер менен бирге кызмат өтөгөндөр Blade ("кылыч же канжардын мизи" дегенди туюндурат) аттуу лакап ысымды өзүнө тандап алган "ашынган азезил кыбыраган жандын баарын өлтүрүүгө даяр" болгонун айтышкан. Анын дарегине көзгө атарлар буктурмасынан мектеп окуучусун жана карыяны аткандыгы үчүн да айып тагылган. Кылмыштардын баары Иракта жасалган.
Иракатаг АКШнын аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Баарын жазалайбыз". Пентагон рекорддук аскердик бюджетин эмнеге сарптайт?
Трамп спецназчынын – "улуу жоокердин" акталышы үчүн аябай жан үрөгөн. Ал тургай, өзү айткандай, дал ушул маселе үчүн Кошмо Штаттардын Аскердик-деңиз флотунун командачысы Ричард Спенсерди да отставкага кетирүүгө чейин барган! Анткени ал киши айыпталуучунун акталышына каршы чыккан.
Президент өз "баалуулуктарын" бекемдөө үчүн Галлахерди жубайы менен бирге Мар-а-Лагодогу үйүнө чакырган! Галлахер ал жолугушууда бир топ сүрөткө түшүп, социалдык медиада мартабалуу кишиникинде мейманда болгону менен мактанган.
Баш кесерлерге жакындыгынан сырткары Дональд Трамптын "Блэкуотердин" негиздөөчүсү Эрик Принстин алдында айрым милдеттенмелери да бар. Принстин үй-бүлөсү жеткен консервативдик америкалык капитал, кескин антикоммунисттик маанайды тутунган. Эрик өз өмүр таржымалында "Советтер Союзу менен өзү күрөшкүсү келгенин" жазган.
Алигүнчө Москва менен атаандаштык тарыхына ушунчалык берилгенин мындан билиңиз, өзүнүн эң кенже – жетинчи уулуна Борбордук чалгындоо башкармалыгынын атасы атыккан түптөөчүсү Уильям Доновандын урматына Чарльз Донован Принс деген ысым койгон. Баса, анын айкели Борбордук чалгындоо башкармалыгынын Лэнглидеги штаб-квартирасынын кириш кабатында орнотулган.
2016-жылы Принстин үй-бүлөсү Трамптын шайлоо кампаниясын каржылаган. Жыйынтыгында Эриктин эжеси Бетси Девос билим берүү министрлик кызматын ээлеген. Ал – Трампты мөөнөтүнүн аягына дейре колдогон аз сандагы үзөңгүлөштөрүнүн бири.
Турмушка чыкканда күйөөсүнүн фамилиясын алгандан тарта Бетси Девостун тагдыр жолу тиричилик химия каражаттарын өндүргөн Amway компаниясынын эбегейсиз капиталы менен байланышкан. Билим берүү маселелери менен бул айым кызматка дайындалганча алектенген эмес, анткен менен (үй-бүлөлүк салтты улай) мектеп мугалимдеринин баарын куралдандырууну сунуштап келген.
Ал ортодо Эрик Принс Афганистан боюнча Трамп үчүн жаңы стратегияны иштеп чыгып жаткан эле. Анда аскерлерди жалданма жоокерлер менен алмаштырып, жаратылыш ресурстарын казуу менен гана алектенүү керектиги камтылат. Эске салсак, Афганистанда триллион долларлык табият тартуусу бар экени эсептеп чыгарылган.
Үлгү катары Принс британиялык Ост-Инд компаниясын алууга чакырган. XVIII-XIX кылымдарда Кытайга апийимдик согуш түрмөгүн уюштурган дал ушул компания болгон. Ошондон кийин аталган мамлекет саясий оюнчу катары баш көтөрө албай калган. Андай демилге Трампка жакканынан шек деле санабай койсоңуз болот. Бирок ал үчүн оболу бүтүндөй Пентагонду баш ийдирүү керек эле. Албетте, андайга жол берилген жок.
Кандидат в президенты США от Демократической партии и бывший вице-президент Джо Байден - Sputnik Кыргызстан
Баары бир Байден. Трамптын реванш алышына эмне жолтоо болду?
"Блэкуотер" уюшулгандан бери компаниянын аталышы жеке аскердик тартиптин ооздукталгыс ыргакта өсүшү, башка өлкөлөрдүн жарандарын өлтүрүп жазасыз калгандар жана күчтүү укуктук тутуму бар мамлекеттин да бул тармакты көзөмөлдөөгө дармансыздыгынын синонимине айланган.
Америкалык журналист-иликтөөчү Жереми Скейхилл өз китебинде Blackwater компаниясын мыкты сүрөттөп жана талдап берген. Жаман абройдон арылуу аракетинде Эрик Принс 2009-жылы компаниянын аталышын Xe Services ("Зи" деп окулат) деп өзгөрткөн. Кийин "жеке инвесторлордун тобуна" саткан. Кожоюндары алмашкандан кийин компания Academi деп аталып, ондогон структуралардын тобуна жайылган.
Аскер кызматкерлери менен ЖАКтын жаңжалдары көп кездешет. Конгресстеги бригадалык генерал Карл Хорст: "Бул жигиттер өлкө ичинде ээ-жаа бербей келет, жаман жоруктарга (акмактык иштерге) барышат. Кой дегидей кожосу жок, андыктан даттанчу киши таппайсың. Кишилерди алар өлтүрөт, анын азабын башкалар тартат", —  деп айткан эле.
Согушту энчилеп алуу менчиктештиргендерге гана пайдалуу: "Блэкуотердин" ар бир жалданма жоокерине күнүнө америкалык салыкчылардын 1 222 доллары кетет. Бул Кошмо Штаттардын Куралдуу күчтөрүнүн аскерлеринин маянасынан алты эсе жогору.
"Блэкуотер" тек гана Борбордук чалгындоо башкармалыгы менен жакшы тил табышып келгендей.
"Биздин алакабыз терең туугандык деңгээлде. "Блэкуотер" башкармалыктын ишин улантуучудай элес калтырат", — деген 2009-жылы БЧБнын мурдагы жогорку даражалуу офицери.
Принс өзү 2010-жылы америкалык соттордон оолактай Абу-Дабиге жөнөп кеткен. Ал жакта да жергиликтүү шейх үчүн миңдеген коммандос даярдоо менен алектенген Reflex Responses компаниясын негиздеген. Гонконгдогу ага таандык Frontier Services Group компаниясы Кытай менен Африканын кызыкчылыктарын коргойт.
Армия США в Афганистане - Sputnik Кыргызстан
Аалам аңтарылчудай... Афганистанда куралданган талибдер, кетип жаткан америкалыктар
Баарынан да дуу болгон окуя – Кытайдын "Бир алкак – бир тилке" аттуу ири долбоорунун коопсуздугун камсыздоо үчүн Эрик Принсти жалдаганы болгон. Принстин Кытайдагы ишмердиги туурасында 2018-жылдын 4-майында "Вашингтон пост" кеңири макала жарыялаган. Анда бул каармандын мурдагы өнөктөштөрүнүн биринин мындай сөзү келтирилет: "Ушул тушта Frontier Services Group 100%га "Бир алкак – бир тилке" долбоорунун коопсуздугу жана колдоосуна бүт дитин коюуда. Эрик Кытайдын глобалдык күчүн проекциялоо үчүн аскердик стилдеги коопсуздук кызматын сунуштоодо".
Жеке аскердик бизнес чырын баштоо менен АКШ согуштук жаңжалдардын дүйнөлүк рыногунда аларга талапты күчөтүп салды. Жеке армиялар күч колдонууга карата мамлекеттик монополияны жок кылууда. Жеке аскердик компаниялар жаңжалдардан акча табышат, алар пайда табууну көздөп согуштук кырдаалды өздөрү жаратып, ого бетер ырбатып коюшу да мүмкүн. Анан да касташкан эки тарапка тең кызмат кыла бергенден кайра тартышпайт.
Россия бул багыттагы көптөгөн тобокелдиктерди жакшылап издеп чыкканы оң.
*Ишмердигине Россияда жана бир катар өлкөлөрдө тыюу салган террордук уюм
Жаңылыктар түрмөгү
0