Америкалык сенатор жана конгрессмендер коргоо тармагынын бюджетинин долбоорун жактырышты. 2021-жылы Вашингтон аскердик керектөөлөргө 740 миллиард доллар жумшоого ниеттенүүдө.
Пентагондун жаңырчу жылга карата планында куралдуу күчтөрдү заманбапташтыруу, жаңы технологияларды иштеп чыгуу, ошондой эле АКШнын геосаясий таасирин андан ары кеңейтүү — оппоненттерге санкциялар жана союздаштарга көмөк көрсөтүү бар.
Дональд Трамп долбоорго вето коерун эскертсе деле бюджети бекитилет өңдөнүп калды. Пентагон бөлүнгөн акчаны кандай жумшаарын Андрей Коц талдаган.
Президент менен талаш
Коргоо тармагынын бюджети америкалык бийликтин жогорку деңгээлинде талаш-тартыш жаратты. Азырынча учурдагы президент Дональд Трамп Афганистан, Корея жана Германиядагы америкалык күчтөрдүн санын кыскартууга нааразылыгын билдирди.
Мурда ал Жарандык согуш маалындагы Конфедерация ишмерлеринин урматына аталган аскердик объектилердин атын алмаштырууну жана Түштүктөгү кул ээлөөчүлүк символикаларды жоготууну демилгелеген долбоорго каршы чыккан.
Анткен менен бюджет долбоорун 438 конгрессменден 300ү колдоп добуш беришти. Бул өкүлдөр палатасына президенттик ветону жоюуга мүмкүндүк берет. Трамп долбоорго бөгөт коет, конгресс кайра добушка коет. Эгер документ кайрадан жактырылса, аны толук кабыл алышат. Анын үстүнө мыйзам сенаттын колдоосуна татыган: 84 — "макул", 13ү гана каршы болгон.
Санкциялар жана колдоо
Бюджет долбоорунун негизги геосаясий жаңычылдыктарынын бири — "Түндүк агым – 2ге" каршы санкциялар. Америкалыктар Россиянын көмүр-суутектин рыногундагы позициясын бузуу үчүн тырышчаактык жана ырааттуулук менен аракет кылууда.
Бюджетте газ түтүгүн курууга кол кабыш кылууга, ошондой эле түтүк тартуучу кемелерди техникалык заманбапташтыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн да жаза берүү каралган.
"Түндүк агым — 2" 94 пайызга даяр болуп, 76 чакырымдык аралык гана калды. Санкциялардан буйтоо амалында Германия газ түтүгүн куруп бүтүрүү үчүн атайын фонд ачты. Юридикалык жактан "Түндүк агым – 2ге" түз тиешеси жок подрядчиктер бул структуранын буюртмаларын аткармакчы болушту.
Түркия Тышкы иштер министрлиги да тим калбады. С-400 — Вашингтон менен Анкаранын ортосундагы көптөн бери уланып келе жаткан кедерги. Америкалыктар Түркияны бешинчи муундагы F-35 учагынын программасынан чыгарып салган. Пентагондогулар түркиялык зениттик-ракеталык системалардан бул жаңы истребитель туурасындагы маалыматтар Москвага жетип каларынан чочулашат.
Америкалыктар чыгыш европалык союздаштарын, атап айтканда, Прибалтика жана Польшаны каржылоону улантышат. Вашингтон үчүн бул эки мамлекет "Россияны ооздуктоо" үчүн плацдарм катары кызмат өтөйт.
"Коопсуздук тармагына кол кабыш кылуу демилгелеринин алкагында украиналык куралдуу күчтөрдү колдоо" үчүн Киевге да 250 миллион доллар бөлүнмөкчү. Чоо-жайы так айтылбайт, болду-болбоду, кеп Украинанын Аскердик-курулуш башкармалыгын зооттолгон автомобиль, танкка каршы ракеталык комплекстер, ошондой эле чакан деңиз кемелери менен жабдууну улантуу жөнүндө.
Толугу менен кайра куралдануу
Албетте, бул жаатта Кошмо Штаттар өздөрүн да унуткарбайт. Пентагондун негизги керектөөсүнө 740 миллиард доллардан 635,5 миллиарды жумшалат. Калганы улуттук энергетикалык коопсуздук программасына (26,6 миллиард) жана чет өлкөлөрдөгү операцияларга (69 миллиард) сарпталат. Үч жыл аралыгында гипер үндүү технологиялар менен куралдануу зарылдыгы да долбоордо айрыкча белгиленген. Өзөктүк үчтүктү заманга бапташтырууга дээрлик 30 миллиард доллар каралган.
"Аба – жер" тибиндеги өзөктүк LRSO менен жабдылган канаттуу ракеталар долбооруна — 474 миллион доллар, ал эми GBSD программасынын континенттер аралык баллистикалык ракеталарга 1,5 миллиард кетиришет. Ракетага каршы коргонуу тутумдарын өнүктүрүүгө 20 миллиард доллардан ашуун каражат чыгымдашат.
Деңизге ылайыкталган SM-3 ракетага каршы аппараттарды, AEGIS аскердик маалыматтык-башкаруу тутумун, THAAD ракетага каршы коргонуу комплексин сатып алышат. Patriot зениттик-ракеталык комплексин жакшыртышат.
Космостук күчтөргө 15 миллиард доллар камдашкан, бул каражат Кошмо Штаттардын спутниктик топторун дагы кеңейтүүгө жумшалат. Он миллиарддын тегерегиндеги акча кибер мейкиндиктеги чабуулдук да, коргонуу да операцияларына сарпталат.
Аскердик аба күчтөрүнө 57 миллиард тиет. Бул каражатка 79 F-35 истребителин, KC-46 май куючу учактан 15ти, F/A-18 Super Hornet палубалык бомбалоочу истребителинен 24тү, 52 сокку уруучу AH-64E Apache тик учагын жана бир катар машиналарды сатып алышат.
Кургактагы күчтөр үчүн 13 миллиард доллар бөлүнүп, ага төрт миң сооттолгон жеңил автомобиль, 32 көп буталуу зооттолгон унаа, 72 аскердик амфибия, ошондой эле Abrams танктарынын 89у заманбапташтырылат.
Келечектин технологияларын да көңүл сыртында калтырышкан эмес. Гипер үндүү куралга 3,2 миллиард, микроэлектроникага — 1,5 миллиард, ал эми жасалма интеллектке 841 миллион доллар бөлүшкөн.
Америкалык аскердик бюджет улам көбөйүп, жыл сайын жаңы рекорддорду коюп келет. Жаңы президент келсе деле АКШнын тышкы саясаты өзгөрөрү жана тынчтыкты сүйүүгө ыктап калары арсар.