Террордук уюм куралдануусун мыктылап, учкучсуз учуучу аппараттардын жана снайпердик мылтыктардын акыркы үлгүлөрүн пайдаланууда.
Афганистандын түндүгүндөгү Фарьяб провинциясынын губернатору Накибулла Файк дүйшөмбү күнү "Талибан" курал-жарагын чыңдап, чалгын иштерине маалымат чогултуп, аны каалаган убакта жеткирүүгө жөндөмдүү болгон учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуп жатканын билдирди. Террордук топтун мындай жаңылыгы өкмөттүк күчтөргө бир топ кооптуулук жаратып, афган элин дүрбөлөңгө салып, коңшу мамлекеттердин тынчын алууда.
Жарандык согуш
Афганистанда кагылышуулардан күнүнө ондогон аскер жана полиция кызматкерлери каза болуп, жаракат алат. Мындай көрүнүшкө жедеп көнгөн элди ушу тапта жүздөгөн кишинин өмүрүн алган терракт гана толкута алчудай. Окуянын өңүтү аймакта жакын арада тынчтык орноорунан күмөн санатып турат.
Талибдер 18-ноябрда өлкөнүн түндүгүндөгү Баглан провинциясына чабуул жасап, натыйжада эки афган полиция кызматкери каза тапты. Ушул эле күнү Фарьябдын жолуна коюлган мина жарылып, Коопсуздук кызматынын беш кызматкери көз жумду, булардын арасында уезддик полициянын башчысы Сафар Мохаммад Бидар да бар эле. Чек арага жакын жайгашкан Кайсар уездинде өкмөттүк күчтөр рейд жүргүзүп, авиасоккудан 39 талиб жок кылынды.
Афганистандын коопсуздук күчтөрү операциядардын 96 пайызын өз алдынча, тагыраагы, чет өлкөлүк аскер күчтөрүнүн жардамысыз өткөрүп жатканын айта кетели. Башка мамлекеттен баргандар күндөн-күнгө азайып баратат. Буга 2009-2013-жылдары 39 афган жаранынын (туткундагы согушкерлер) өлтүрүлүшүнө катуу өкүнгөн австралиялык өнөктөштөр да кошул-ташыл болду. Аталган өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн командачысы Ангус Кэмпбелл Афганистандан кечирим сурап, туткундарды жок кылды деп шектелген атайын бөлүктүн 25 жоокерин жоопко тартарын убадалаган. Австралия афган операцияларына АКШ жана НАТО менен биргеликте 2001-жылдан бери катышып келет, бүгүнкү күндө жергиликтүү аскер адамдарын 300 австралиялык инструктор окутуп жатат. Эгер моюнга алуу, өкүнүү эстафетасын операцияга катышкан башка мамлекеттер улантып кете турган болсо, аалам аңтарылып кетчүдөй. БУУнун маалыматы боюнча, өткөн он жылдыкта эле согуштун жүрүшүндө 100 миңден ашуун афгандык каза болуп, жаракат алган. Тергөөчүлөр узак жылдарга чейин ишсиз калмак эмес.
Столтенберг Вашингтонго каршы
Афганистанда зордук-зомбулуктун күчөшү, эл аралык террорчулар үчүн ыңгайлуу аянтчанын түзүлүшү НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенбергди АКШ менен альянстын аскерлерин мөөнөтүнөн мурда алып кетүүгө каршы чыгууга мажбурлады. Вашингтонго карата дегеле жасалбаган мындай орой саясий кадамды европалыктардын "Талибандын" планы ишке ашкандан кийинки кыйраган аймакка баш баккысы келбегени менен түшүндүрсө болот. Столтенбергдин НАТО миссиясын Афганистан Ислам Республикасынын президенти Ашраф Гани менен өзүнчө талкуулап, эл аралык террорчулукка каршы күрөштө жардам берүүгө, афган аскерлерин окутууну улантууга убада бергени кызык.
Өз кезегинде Борбор Азия мамлекеттери менен Евробиримдик афгандыктарды ок атууну токтотууга чакырып жатат, анткени бул Афганистанды аймактагы экономикалык процесске тартып, ири инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлорду баштоо үчүн негизги шарт. Россия өлкөнүн Шанхай кызматташтык уюмуна толук кандуу мүчөсү болуу ниетин колдоодо. Кабул Душанбе, Минск, Ташкент жана башка өлкөлөр менен эки тараптуу кызматташуусун кыйла жакшыртып жатканы белгилүү.
Өз ара атаандашып келген Пакистан менен Индия Афганистанга болгон көзөмөлдү тарттырып жибербесем деп жандалбастоодо, мындан улам америкалыктар кеткенден кийинки боштукту ээлеп калууга тырышып жатышат (башкача айтканда, өз позицияларын бекемдөөгө кызыкдар). Бул үч бурчтук чарт-чурт этип кеткен учурлар да жок эмес. Буга чейин Пакистан армиясынын расмий өкүлү генерал Бабар Ифтихар "Афганистандагы индиялык дипломаттар ар кыл террордук аракеттерди көзөмөлдөп", Пакистанга каршы чабуулдарды даярдаган согушкерлерди каражат жагынан колдоп турарын жар салган. Афганистандын Тышкы иштер министрлиги бул маалыматты дароо четке какты. Коңшулардын мындай "кам көрүүсү" Ашраф Ганинин администрациясын толук масштабдуу жарандык согуштун варианттарын талкуулоого аргасыз кылып турат (өлкө башынан кечирип жаткан азыркы кырдаал расмий түрдө согуш деп эсептелбейт).
Кандай болгон күндө да боркулдап кайнаган афган "казаны" коңшу мамлекеттердин саясатына, экономикасына, коопсуздугуна жана миллиарддаган кишинин өмүрүнө жылдап кедергисин тийгизип келет.
* Ишмердүүлүгүнө тыюу салынган террордук уюм