Анын өңүтү жана жогорку кызматтагы өкүлдөр айткан калп маалыматтар деле ал апааттын чыныгы себептерин аныктоо боюнча Батыштын ниетинин жалгандыгын тастыктап турат. Мындай ойдун учугун чубаган Владимир Корниловдун макаласы РИА Новости агенттигинин сайтына жарыяланган.
Нидерландынын тышкы иштер министри Стеф Блоктун расмий билдирүүсүн эле карайлычы. Ал: "Бүгүн Россия Федерациясы MH17 каттамынын кыйрашына өз жоопкерчилиги боюнча сүйлөшүүлөрдү бир тараптуу токтотуу жөнүндө жарыялады", – деди. Көрсө, кайдадыр "Россиянын жоопкерчилиги тууралуу" сүйлөшүүлөр жүрүп, Россиянын андан кабары жок тура. 2014-жылы июлда кыйроого учураган малайзиялык "Боинг" кырсыктын жагдайы боюнча биринчи консультациялар былтыркы жылдын башында башталган.
РФ: "Алардын көңүл чордонунда кырсыкка Россиянын юридикалык жоопкерчилигин таануу" эмес, кырсыкка байланышкан жана чыныгы себептерин аныктоо үчүн маанилүү суроолордун тобу болот", – деп дароо айткан. Ошону менен бирге эле Москва дагы бир негизги маселени – согуштук аракеттер жүргөн аймактын үстүндөгү өз аба мейкиндигин жаап койбогону үчүн Украинанын жоопкерчилигин кароону баса белгилеген. Албетте, Блоктун мындан кабары бар. Бирок чындыкты атайын бурмалоого барып жатышат.
Бул чечим үчүн Москваны жабыла айыптоого киришкен батыш ишмерлери кырсыктан жабыр тарткандар темасы менен да кызыл кулактык кылууга аракет кылышууда. АКШнын Нидерландыдагы элчиси Пит Хукстра Россиянын үч тараптуу консультациядан чыгышын "кырсыктын курмандыктарынын жакындарына жана адилеттүүлүккө умтулууга кезектеги сокку" деп атады.
Айрым голландиялыктардын реакциясына таңгалып болбойт, алар расмий бийлик тарабынан кандай айтылса, ошол калыбында кабыл алышат эмеспи.
Мисалы, Блоктун окурмандарынын бири Россияга ызырына: "Нидерландыдан тезинен бардык орустарды чыгаргыла, элчиликти жапкыла, Россия менен тышкы сооданы токтотуп, россиялык газды сатып албагыла. Биздин флотту Крымга жөнөткүлө", – деп жазган. Пикирин жазгандардын дээрлик эч кимиси көңүлү сууган голландиялыктарга Москванын бул кадамынын себептерин так түшүндүргөн жок.
Кулаган MH17 учагынын иши боюнча интернетте жаңы документтер пайда болду
РФ Тышкы иштер министрлиги белгилегендей, эгер голландиялыктар Адам укуктары боюнча европалык сотуна Россияга каршы доо арыз менен кайрылуудан башка жолду тандаган болсо, анда консультацияларды чын дилден улантмак.
"Нидерландынын мындай касташкан аракеттеринен кийин үч тараптуу консультацияны улантуунун, ага биздин катышуубуздун кажети жок. Үч тараптуу консультацияларды үзгүлтүккө учуратууга жоопкерчилик толугу менен расмий Гаагада", – деп айтылат РФ ТИМинин билдирүүсүндө.
Мындай ыңгайсыз учурду батыш басма сөзү көп узартып баяндагысы жок же дегеле андан кеп козгошпойт. Дал Гааганын Адам укуктары боюнча европалык сотуна доо арыз берүү менен кырсыкта набыт болгондордун жакындарына зыян келтиришкен. Алардан жеке доо менен да аталган сотко кайрылгандар болгон. Мындай биринчи арыз 2016-жылдан тарта каралып келип, кийин жаңы доо менен толукталган. Башкача айтканда, MH17 боюнча иш кызуусунда.
Быйыл 10-июлда Нидерланды өкмөтү мамлекеттер аралык доо арыз менен ошол эле сотко кайрылуудан бөлөк түзүгүрөөк эч нерсе таба алган эмес. Анан да эки жүздүүлүк менен доо ал жакта кароодогу иштерди колдоо иретинде берилди дешет. Бул – голландиялык тараптын айдан-ачык калпы.
Гаагада, глобалдык юридикалык калаада Адам укуктары европалык сотуна мамлекеттер аралык доо арыз тапшырылганда ошол эле иш боюнча териштирилип жаткан жеке иштердин баары өлкөлөр арасындагы талаш аяктаганча дароо токтотуларын билишпестигин элестетүү кыйын. Бул Адам укуктары боюнча европалык конвенциясынын (2018-жылы Европа кеңешинин мүчө-мамлекеттери тарабынан кабыл алынган) тутумунун реформасы жөнүндөгү Копенгаген декларациясынын 45-пункту менен даана бекитилген. Башкача айтканда, Гаага MH17 курмандыктарынын туугандарына жамынып, бирок, өзү алардын доо арыздары боюнча соттун чечимдерин бир нече жылга создуктуруп келет (мамлекеттер аралык иштердин каралышы өтө узак жүрүшү мүмкүн). Голландиялык басма сөз, албетте, мындан кеп салбайт.
Аталган сотко Нидерландынын доо арызы башка юридикалык органдар – БУУнун Эл аралык соту менен кызыкчылыктар кагылышын потенциалдуу түрдө түзөт. Анда Россияга каршы Украинанын иши эбак каралып жатат.
Европалык сот (Евробиримдиктеги жогорку соттук инстанция) 2014-жылы эле Адам укуктары боюнча европалык сотунда каралган эл аралык иштер башка эл аралык соттук органдардын юрисдикциясына жолтоо болбоого тийиштиги туурасында пикирин билдирген. Башкача айтканда, Нидерланды өкмөтү жеке арыздарды кароону гана создуктурбастан, ар кандай инстанциялар ортосунда кызыкчылыктардын кагылышын жаратууда.
Европа Россияга каршы жаңы санкциялардын азабын тартабы?
Быйыл март айында көп күттүргөн сот процесси Схипхолл аэропортунун аймагында ызы-чуу, шаан-шөкөт менен башталган. Бул процесстин уюштуруучулары күткөндөй болбогону дароо түшүнүктүү болгон. Биринчиден, белгиленген төрт "айыпталуучу" MH17нин кыйрашына эч кандай тиешеси жок (бул процесс улам өрчүгөн сайын баарына бул даана түшүнүктүү болуп баратат). Экинчиден, россиялык атайын кызматтардын офицерлерин процесске байланыштыруу боюнча ушундай эле ызы-чуу менен коштолгон аракеттери текке кеткен.
"Боинг" кыйраган күн жакындаганы анын курмандыктарынын жакындары иш оңунан чыкпай турганын түшүнүп калышты. Алар америкалык элчи Хукстрага жолдогон катта да алар муну ачык көрсөтүшкөн.
Алар АКШны ошол убактагы мамлекеттик катчы Жон Керри айтып чыккан спутниктен алынган сүрөттөрдү сотко көрсөтүүгө үндөшкөн. Бирок баары көрүп тургандай эч кандай сүрөт болгон эмес. Хукстра эми ошол кырсыкта набыт болгондордун жакындары үчүн санаа тартып, Россияны айыптап жатат. Иш сотто утуларын, ал эми Гаага алты жылдан бери коомчулукка эч нерсе көрсөтө албаганын түшүнүп, Адам укуктары боюнча европалык сотко доо арыз менен кайрылууга барган.
Иш боюнча ыңгайсыз суроолордон качуу, коомчулуктун көңүлүн жаңы ишке буруу үчүн атайын дал ушул убак тандалган. Сотто бул иш оңунан чыкпай турганын, ал эми Гаага MH17нин кыйрашынын алты жылдыгына деле Нидерланды менен формалдуу топтун алкагында болсо да кандайдыр бир диалог баштоого үмүт арткан Россия анан кандай кылууга тийиш? Экинчи тарап эбак өзү үчүн чечип алган болсо, кайсы диалог туурасында сөз болсун?
Мында Сергей Лавровдун жакындагы эле: "Батышта тышкы саясатка жооп берген адамдар өз ара сый сакталган сүйлөшүүнүн зарылдыгын аңдай албай турушат. Балким, кайсы бир мезгилге дейре алар менен сүйлөшүүнү токтотууга тийишпиз", – деген сөздөрүн кантип эстебей коебуз?
Россиянын MH17 боюнча консультациядан чыгуу тууралуу чечими – министрдин сөздөрүнүн жүзөгө ашырылышына алгачкы кадам. Биринчи, бирок акыркы эмес. Өз ара сый диалогго европалыктарды мажбурлоого Россиянын жолу башталды дей бериңиздер. Анан да кыйла узак болот.