Америкалык F-35тин кезектеги көйгөйү: абада май куюучу учак менен кагышты

© AFP / CHRISTINE GROENINGАмерикалык көп багыттуу F-35 бомбалоочу истребители. Архив
Америкалык көп багыттуу F-35 бомбалоочу истребители. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Америкалык көп багыттуу F-35 бомбалоочу истребители толук иштелип чыкпаган машина экенин айгинелеп келет. Мүчүлүштүктөрү жана кайра-кайра кырсыкка кабылышы менен адистерди улам таң калтырат.

АКШнын Аскер-деңиз флотунун Аскер-деңиз институту 30-сентябрда Калифорния штатындагы Эль-Сентро аскердик базасына жакын жерде АКШнын Деңиз пехотасынын корпусунун KC-130J май куючу учагы жана F-35B Lightning II ("Чагылган") абада кошумча май куюу маалында кагышкан. Бул окуяга жана аталган учактын техникалык мүнөздөмөсүнө аскерий баяндамачы Александр Хроленко сереп салган.

Май куюу технологиясы истребителди май куйгуч учак сүзгөнүн айтып турат, андан соң F-35 кулап түшүп, талкаланган. Учкуч катапульта менен секирген, ушул тапта госпиталда дарыланууда. Анткен менен KC-130J танкеринин сегиз аскер кызматкеринен турган экипажы жабыр тарткан эмес, жерге эсен-соо коно алышкан.

"Абрамстарды" жеткиришти. АКШ Беларусь чек арасында эмне баштоодо?

Америкалык учактардын кырсыкка кабылуу көрсөткүчү салыштырмалуу төмөн деп эсептелип келген. Бирок 2020-жылдын жаз жана жай мезгилдеринин аягында АКШнын Аскер-аба күчтөрү жана Аскер-деңиз күчтөрүнүн жети истребители: F-35A – 19-май жана 9-июнда, F-22 Raptor – 15-майда, F-15C Eagle – 15-июнда, F-18F Super Hornet – 18-июнда, кийинчерээк – F-16C талкаланган. Акыркы кырсыктан улам Шоу (Shaw Air Force Base) базасында чоң жалын тутанган. Булардын баары эксплуатация жана аскердик жөндөм көйгөйлөрүнөн кабар берет.

"Бешинчи муундагы" F-35 истребителдери үч модификацияда: Аскер-аба күчтөрү үчүн F-35A (стандарттык учуш жана конуу), Деңиз пехотасынын корпусу үчүн F-35B (кыска учуш жана жана вертикалдык конуу), Аскер-деңиз күчтөрү үчүн F-35C (авиа ташуучунун катапультасы аркылуу учуш жана аэрофинишерди пайдалануу менен конуу) иштелип чыккан. Кыска убакыт аралыгында эле бул "көзгө көрүнбөстөрдүн тобу" кырсыктарда үч учагынан ажыраган.

Эске салсак, 2019-жылы япониялык Аскер-аба күчтөрүнө таандык F-35A да кулаган.

2018-жылы Түштүк Каролина штатындагы Бофорт америкалык Деңиз пехотасынын корпусунун авиабазасынын жанында F-35B Lightning II истребители талкаланган. Өрт чалган F-35B да жарактан чыгарылган.

Баа жана сапаттын башаламандыгы

Joint Strike Fighter (JSF) программасынын былтыр октябрда долбоордук кубаттуулугу арткан. F-35 Lightening II истребители дал ушул программанын алкагында жасалган. Ушуга байланыштуу Lockheed Martin компаниясы жана АКШ Коргоо министрлиги 478 F-35 учагын сатып алуунун орто мөөнөттүү планын жарыялаган. Алардын 291и Кошмо Штаттардын аба күчтөрүнө, 127 машина JSF программасы боюнча эл аралык өнөктөштөрүнө, 60 истребитель эл аралык сатып алуучуларга бөлүнгөн. 478 бирдиктин жалпы наркы – 34 млрд. доллардын тегерегинде.

АКШны тынч уктатпаган Су-57 неге мынча бүйүр кызытат?

F-35А истребителинин наркы (азыр 100 млн. долларга жакын) анын сериясынын жогорулатылышы менен акырындап ылдыйлашы болжонот. 13-партиядан тарта 80 млн. доллардан төмөн болушу мүмкүн. Бирок "чагылгандардын" арзандашы жарыялангандай бешинчи муундун деңгээлиндеги сапатка жогорулатыларына кепилдик бербейт.

Андан мурун Пентагон менен ымалалаш Defense News басылмасы F-35 Lightning II учагын кескин баасын жарыялаган. Эгер кыскача токтолсок, F-35 – форсажда 1 мүнөттөн кем эмес убакытта ыкчамдай алган үнгө чейинки истребитель. Ал эми 1 Махтан жогорку ылдамдыкта корпусу ысып кетип, кыйроо коркунучу туулат.

Ал эми 1,6 Махтан өйдө учактын куйругу сынып түшүп калат. Анткени бешинчи муундагы истребителдин крейсердик ылдамдыгы 1,4 Махтан төмөн болбоого тийиш, ал эми бул жагынан F-35 Lightening II төртүнчү муунда калган.

Машинанын беш чоң кемчилиги технологиялык жактан жоюлбайт, бул мыйзам ченемдүү түрдө жалпы 1,7 триллион доллардан ашуун нарктагы өндүрүш программасын арсар абалга салат. 2020-жылдын сентябрында F-35 учуш үчүн абдан кымбат деп таанылды. Программа алдыдагы беш жылда 10 млрд доллар өлчөмүндөгү каржылоо таңсыктыгына кабылып отурат.

F-35ти модернизациялоо. АКШнын доо кеткен беделин бийиктетүү аракети

Пайдаланууда оор эки моторлуу F-22 Raptor учагына караганда арзан болгону менен аргасыз "заманбапташтыруу", курал менен жабдуу, күйүүчү май, запастык тетиктерин алуу жана техникалык тейлөөнү уюштуруу боюнча кошумча изилдөө жана иштелмелерден улам F-35 учагынын наркы өтө кымбатка түшкөн.

Мында F-22ден болгону 187 бирдик чыгарылганын, ал эми F-35тен 3000ден ашуун учактан турган серия менен чыгаруу белгиленген. "Чагылгандардын" мындай саны жай убакта Кошмо Штаттарга санаалаш мамлекеттердин жана Пентагондун өзүнүн бюджетин эңшерет. Мындай коркунуч кыйла реалдуу, себеби F-35 программасынын наркынын 75 пайызы эксплуатациялык чыгымдарына туура келет. Мындай чыгымдар техникалык тейлөөгө өтө чоң талаптар жана күйүүчү майдын сарпталышы үчүн болжонгон суммадан алда канча ашып кетет. Башкача айтканда, технологиялык жактан "бышып жетилбеген" F-35ти дайым даярдыкта кармоо F-16 же F-18 истребителдерине караганда кыйын жана бир топ кымбат.

Аскердик күчтү "тууроо"

Болжол менен америкалык армия F-35 Lightening II истребители үчүн талаптарга шайкеш 15 миң тетик алды. Тушуккан көйгөйлөрүн чечүү үчүн жакын арада "молнияларга" 70 млн. доллардан ашуун каражат сарптайт.

F-35 эксплуатациялык чыгымдардын улам өсүшү, өндүрүшчү ишкананын программалык камсыздоосунан (жаңылоосунан) "керектөөчүнүн" көз карандылыгын күчөтүү, тетиктери менен жабдуунун олку-солку болушу сүрдүү учактын "бышып-жетиле" электигин айгинелейт.

"Чагылгандар" теориялык жактан гана радарлардан буйтап, душмандын коргонуучу коен жатагына чейин сокку ура алат. Иш жүзүндө бардык модификациядагы F-35 истребителдери жеткиликтүү бийиктик жана ылдамдыкта, кандай гана куралдануу топтомдуу болбосун, максималдуу аралыктагы потенциалдуу душмандын радиолокациялык станцияларынын экранында ачык байкалат. Башкача айтканда, багыты боюнча милдеттерин концептуалдык-технологиялык жактан аткара албайт. Ал эми согуштук аракеттер аймагында жай жүрүүчү бутага айланат.

Россияда өндүрүлгөн радиолокациялык станцияларын пайдаланган Иран Персид булуңунун аймагында жайгаштырылган америкалык "көзгө чалдыкпастардын" – эки F-35A эскадрилиясын, ал түгүл Катардагы F-22 Raptor эскадрильясын даана көрүп турат.

Тегерандын алда канча натыйжалуу табылгасы С-300ПМУ-2 узун аралыкта абадан коргонуу тутуму болуп саналат. Күчтүү радар жана ракета кое берүүчү орнотмолорун камтыйт. Ирандын "Резонанс-НЭ" абадан коргонуу тутуму да кыйла эффективдүү. Өлкөнүн чек араларына жакын жердеги F-35 истребителдерин ийгиликтүү таап, изине байкоо салат.

Мээлегенин алып түшкөн "Прометей". Бутасын 550 чакырымдан кыйратчу жаңы ракета

Россиялык адистер тарабынан чыгарылган "Резонанс" радиолокациялары 600 чакырым аралыктан 100 чакырымга чейинки бийиктиктен аэродинамикалык аба объектилерин ("көзгө чалдыкпас истребителдерди" да, гипер үндүү ракеталарды да) таап, бута көрсөткүчтөрүн берүүгө жөндөмдүү. Ошону менен бирге эле баллистикалык буталар "Резонанс-НЭнин" байкоо аймагына 1100 чакырым аралыктан "илинет". Негизи эле Иран Ислам Республикасынын абадан коргонуу тумумунун баары Пентагонго 2017-жылдан тарта баш оору болуп келет, ошол себептен да баш ийбеген Тегеранды бомбалоого даабайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0