Чечим кабыл алынды. Кытайга алдыртан көз салган мамлекеттердин аракети

© AFP / NICOLAS ASFOURIПекинде Элдик боштондук армиясынын жоокерлери маршта. Архив
Пекинде Элдик боштондук армиясынын жоокерлери маршта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытай менен болгон кансыз согуштан кача албаганын аңдаган Батыш эксперттик коомчулугу Пекинди жеңүүнүн кандайдыр сыйкырдуу ыкмасын издөөнү баштап туру.

Иван Данилов

Тиреш санкцияларды, экономикалык байланыштарды чектөөнү, өз ара тыңчылык, ал түгүл конфронтациянын күч формаларын камтышы ыктымал.

Вашингтон, Лондон же Брюсселде тигил же бул формада талкууланган "кытай ажыдаарын муунтуунун" дээрлик бардык варианттары биргелешкен аракеттер менен Кытайды обочолонтуу, зыянсыздандыруу жана майтарууга багытталган кандайдыр кеңири антикытайлык коалиция түзүүнү сунуштайт. Болжол менен СССРге карата ийгиликтүү күрөштө пайдаланылган ошол эле схема иштемекчи.

Бирок кандайдыр багытталуучу принциптер деңгээлинде эч кандай ар түрдүүлүк байкалбаганы менен бул принциптерди ишке ашыруу деңгээлинде олуттуу көйгөй жаралат. Аны чечүү далалатында президент, премьер, дипломат жана аналитиктер жаакташып келишет.

Расизмби же анархиябы? АКШ оңой эмес тандоо алдында турат

Айрым европалык борбор калааларда жана АКШнын аналитикалык борборлорунда эмитен эле Евробиримдиктин көптөгөн өлкөлөрү (айрыкча, бул маселеде айырмаланган Германия, Франция жана Италия), ошондой эле Азиянын айрым мамлекеттери негедир Кытайга каршы жаңы кансыз согушка АКШнын желдеттери сымал катышууну каалашпайт. Мындан сырткары, алар бул согушта АКШнын жеңиши үчүн каражат сарптагысы (Германия жана Франция ИДПсынан эки пайыз америкалык "аскердик калкалоо" үчүн төлөгүсү келбегени боюнча чыккан улам-улам чыккан жаңжалга чагылат) жок. Ал тургай алар толук, маселен, Евробиримдикке 5G түйүндөрү үчүн кытайлык Huawei компаниясынын жабдууларын ташууга тыюу салууга дароо макул болууга да даяр эмес, бул Вашингтон жана Лондондогу "антиамерикалык туйгундардын" болушунча кыжырын кайнатат.

Жеке армиясын түзүү жөнүндөгү европалык билдирүүлөр жана Макрондун көз карандысыз (башкача айтканда, "кытайлык" да эмес, "америкалык" да эмес) тышкы саясатты жүргүзүү каалоосу жөнүндөгү декларациялар тууралуу европалык билдирүүлөрдөн улам кеңири антикытайлык альянсты уюштуруу өтө кымбат жана оңой-олтоң эмес деген шектенүүлөр күчөгөндөн күчөп, ал менен бирге эле бул көйгөйдү чечүүнүн жолун издөө да күч алууда.

Таасирдүү Council on Foreign Relations ("Эл аралык мамилелер боюнча кеңеш") "баш борборунун" алдында чыккан абройлуу Foreign Affairs журналы бул көйгөйдү чечүүнүн эки жолун талдайт. Бирин шарттуу түрдө "Дональд Трамптын ыкмасы", экинчисин "Борис Жонсондун ыкмасы" деп атап коюуга болот.

"Мамилени үзүп салсак эмне болмок?". Трамп Кытайды коркутту

Council on Foreign Relations борборунун (бул талдоочу борбор өзү бир канча кеңири белгилүү кутум теориясынын баатыры, дал ошолордо ал "АКШнын көмүскөдөгү өкмөтү" сымал саналат) америкалык каймактардын жана Европадагы америкалык элитанын ой жүгүртүүсүнө эбегейсиз таасирин эске алуу менен америкалык-центристтик дүйнөлүк түзүлүш каатчылыгынан чыгуу жана "кытайлык көйгөй" менен майнаптуу күрөшүү үчүн сунушталган ошол ыкмаларга да баам салган оң. Анан калса, алар Россияга түздөн-түз тиешелүү.

Foreign Affairs журналына "Демократия кеңеши көп тараптуулукту сактап калышы ыктымал (эл аралык мамилелерде — ред. тактоосу)" деген аталышта чыккан жаңы макалага карабастан, сунушталган ыкмалар баары бир дүйнөдө Вашингтондун (кеминде эле батыш) үстөмдүгүнүн иш жүзүндө сакталышына багытталган. Айырмасы, америкалык гегемонияны сактап калуунун анык ыкмаларында. Белдүү америкалык басылманын автору дүйнөлүк түзүлүш ушул тапта араң жан, ал эми негизги кооптуулукту коронавирус эмес, Кытай жана Россия жаратып турган деген тейдеги ой жүгүртүү менен "жолго чыккандай".

"Бирок коронавирус пандемиясына чейин эле Кошмо Штаттардын Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин курууга көмөктөшкөн көп тараптуу тутум дүйнөдөгү эң зарыл көйгөйлөрдү араң чечип калган. COVID-19 падыша жылаңач экенин көрсөттү, бирок чындыгында падыша бир топтон бери эле начар кийинип жүргөн. Дүйнөлүк экономикалык борбор Инд-Тынч океан аймагына ооп калгандыктан, глобалдык дымагы бар структураларга бул региондо барктуу өкүлчүлүгү болбостон айныгыс лидерликке батынышы мүмкүн эмес болуп калды. Бирок, 1973-жылдагы мунай дүрбөлөңүнөн кийин түзүлгөн G7 – чоң жетиликтин Евро-атлантикалык аймактын чегинен тек гана бир мүчөсү Япония бар.

Трамп: коронавирустун тарашы боюнча жоопкерчилик толук Кытайдын мойнунда

Ал эми 1997-жылдагы азиялык каржылык каатчылыктан соң түптөлгөн жана 2008-жылы глобалдык каржылык каатчылык кезинде өз баалуулугун көрсөткөн "Чоң жыйырма" саясий көз караштан жана эл аралык көйгөйлөрдү ишенимдүү чечүү жөндөмү жагынан алып караганда таптакыр сыйышпас. Аңгыча Кытай жана Россиядагы агрессивдүү авторитаризмдин жаралышы менен БУУнун Коопсуздук кеңеши да бечелге айланды".

Мындай тайманбас диагнозду: "Баары бүттү, эч нерсе иштебей калды!" деген тезиске такалат. Ага жараша, эки – бири Трамптан, экинчиси Жонсондон чечим сунушталат.

"Жонсон жаңы структура үчүн идеяны биринчи болуп берген. Май айында ал он алдыңкы демократиядан альянс түзүүнү сунуштаган. Телекоммуникация жаатындагы саясатты координациялоо жана кытай рыногунун лидери Huawei компаниясына альтернатива чыгаруу үчүн ал G7 жана ага Австралия, Индия жана Түштүк Кореяны кошуп, аны D10 деп атоону сунуштаган. 5G технологиясында үстөмдүк кылуучу бул ишкана бардык жерде коопсуздук көйгөйлөрүн жаратты.

Мындан көп өтпөй Трамп июнь айында өтө турган G7 жолугушуусун токтотуп, анын ордуна күзүндөгү саммитке G11 форматын сунуштап чыкты. Жонсондун сунушун басып өтүп, Трамптын жаңы тобу D10 өлкөлөрдү эле камтып, ага Россияны да кошкон".

Foreign Affairs журналынын серепчилери Россияны бул клубга кошпоого кеңеш беришет. Алар "D10 варианты", башкача айтканда, Жонсондун схемасын туура көрүшөт, бирок бул эң башкысы эмес. Россияны антикытайлык күрөшкө катышууга көндүрө алышса да, Трамптын схемасы баары бир абдан начар көрүнөт, эң оболу антикытай күн тартибинде түзүлгөндүктөн узак мөөнөттүү келечеги жок. Ал эми Жонсондун схемасынан кандайдыр позитивдүү күн тартибин, башкача айтканда, баарынын башын кошуучу идеяны көрүүгө болот. Ал демилге "Кытайга каршы альянс" эмес, "бардык жакшы нерселер үчүн биримдикти" түзүүгө мүмкүндүк берет.

АКШнын Кытайга карата кытмыр планы: пандемиядан улам ачылган көшөгөлөр

Жагымдуу күн тартиби дегени – албетте, "Демократия", "Эркиндик" жана "Адам укугу" деген куру ураандардын топтому. Мындай позитивдүү күн тартибинин пайда болушу Вашингтондун азыркы тышкы саясатына каршы коюлганы айрыкча кызык.

"Кошмо Штаттар Кытай жетектеген Инфраструктуралык инвестициялар Азия банкы, "Бир алкак – бир жол" демилгеси жана Россия колдогон "Түндүк агым – 2" газ түтүгүнө каршы чыгышы ыктымал. Бирок АКШ ынандыра ала турган альтернативаларды сунуштабаса, бөлөк өлкөлөрдү да буга көндүрүү татаал. Вашингтон эч нерсени пайдаланбастан, бир нерсени жеңе албайт".

Бул ыкманын кемчилиги – "Америкада жасалган" "Демократия" жана "Эркиндик" Германияга россиялык газды же Италияга кытай инвестицияларын алмаштырат. Мында америкалык каражаттар иштеп кетмек, бирок андай мамилелер

Вашингтонго зарыл эмес. Болочок президенттин ысымы ким болоруна карабастан, Байденге да, Трампка да колония зарыл. Бирок D10 же G11 форматы менен болсо да, Евробиримдикти бул абалга кайтаруу мүмкүн эмес. Ал эми Россияны айтпай эле коёлу.

Жаңылыктар түрмөгү
0