02:51 16 Баш оона 2020
Түз эфир
  • USD78.1475
  • EUR92.3469
  • RUB1.0674
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
Дүйнөгө жайылган коронавирус (969)
754 0 0

"Коронавирус үчүн" Кытайдын алтын-валюталык резервинен бир триллион долларды күчкө салып тартып алуу аркылуу ачык жана кемсинтүү менен жазалоо демилгеси америкалык бийликтин эң жогорку кабатына жетти.

Эгер эки жума мурун эле мындай "экзотикалык ыкманы" америкалык саясий каналдарда кечки ток-шоулардын алпаруучулары жана республикачы сенаторлор тарабынан гана талкууланып келсе, азыр Ак үйдө да угула баштады.

Бул маселелердин тегерегинде серепчи Иван Данилов да ой толгогон.

The Washington Post басылмасы Трамптын администрациясындагы маалымат булактарына таяна маалымат таратты. Анда Вашингтондун Пекинге карыздарын "уруксат албастан жоюп алуу" маселеси Кытайды коронавирустун каржылык кесепеттерин төлөөгө мажбурлоо стратегиясынын алкагында талкууланууда.

Бересесин "өзү билип кечип алуу" америкалык калкка мындайча түшүндүрүлмөкчү: Пекин Вашингтонго насыя берген. Бирок АКШ аны көзү ачыктык кылып, алгач Кытайда аныкталган коронавирус илдети тарттырган зыян үчүн алдын ала эле берилген компенсация катары көрөт. Кыязы, океан ары жагындагы мырзалардын заманбап моралдык кодекси боюнча мындай ыкма америкалык саясатчылар жана алардын Россиядагы фанаттары сыймыктанган бийик ыйман жана адилеттүүлүккө шайкеш көрүнөт.

Анткен менен америкалык жетекчиликтин расмий билдирүүлөрүнө ынана турган болсок, Кытайдын негизги душманы жана Трамптын администрациясындагы кыйла рационалдуу акыл калчаган ойчулдун ролун президенттин өзү ойнойт өңдөнөт. Ал Кытайды акчалай "жазалоону" жактаганы менен (эпидемияга карата даярдык көрүүдө АКШнын кетирген катачылыктары), бирок бизнестеги тажрыйбасынан улам өтө тобокел чечимдерге каршы. Анткени алар америкалык валютанын макамын "отко салып коюшу" ыктымал.

The Washington Post басылмасы талкууланып жаткан чаралардын бардык спектрин төмөнкүчө сүрөттөйт: "Маалымат булактардын (Кытайдан кек алуу чараларынын иштелип чыгышы менен жакындан тааныш болгондордун – автордун тактоосу) билдиргенине караганда, соңку күндөрү президент Трамп Кытайдын аракеттеринен улам жинин жардамчыларынан чыгарган. КЭРди вирус туурасында маалыматты жашырган деп күнөөлөп, олуттуу чараларды кабыл алууну талкуулаган. Өз кезегинде буга Пекин тарабынан да жооп кайтарылышы толук ыктымал. Трамп жана анын жардамчылары келтирилген зыян үчүн өкмөткө жана АКШдагы эпидемия курмандыктарына Кытайды сотко берүү мүмкүнчүлүгүн айтуу максатында бул державаны "суверендик иммунитетинен" ажыратуу жөнүндөгү маселени талкуулашкан.

Бир убакта Trump Organization компаниясында топ-менеджерлик кылган жана Кытайды сотко берүү боюнча арыз даярдаган топтун курамындагы Жорж Сориал The Washington Post басылмасына өзү менен катар Ак үйдөгү жогорку кызматты ээлегендер менен бирге Кытайдын "суверендик иммунитетин" чектөөнү талкуулашканын билдирген.

Укуктук маселелер боюнча эксперттер мындай аракет өтө татаал болорун жана бул үчүн конгресстин мыйзам актылары талап кылынарын айтышат.

Трамптын администрациясынын айрым өкүлдөрү АКШ Кытайга болгон карыздык милдеттенмелеринин бир бөлүгүн жойдуруу туурасындагы маселени талкуулаганын ички дискуссиялардан жакындан кабардар болгон эки булак кабарлаган. Бирок президент бул демилгени колдоп-колдобогону белгисиз".

Президент кырдаалды тайсалдаган тейде баалап, "эгер бул оюндарды ойноого киришсек, оор болот" деп белгилеген. "Доллардын ыйыктыгы" үчүн тынчсызданганын билдирген. АКШ тараптан селективдик дефолт аны дүйнөлүк башкы валюта катарында пайдалануусун үзгүлтүккө учуратышы ыктымал экенине ишарат кылган.

Экинчи жагынан, Трамп Кытайды жазалоо ыкмасын сөзсүз табарын айтып, чогулган журналисттерди жооткото башка бир ойду – КЭРден жанагы эле триллионду кытай товарларына болуп көрбөгөндөй жогорку тарифтерди киргизүү менен өндүрүү пикирин ортого таштаган.

Балким, америкалык лидер эпидемия маалындагы расмий Пекиндин аракети же аракетсиздиги менен америкалык экономикага жана өзүнүн жеке беделине келтирилген зыянды дал ушул суммага баалаган өңдөнөт. Булардын баарын шайлоо алдындагы риторикага шылтап коюуга да болот эле. Бирок 15 жыл илгери АКШ россиялык компания жана банктарга каршы санкцияларды киргизүүгө чейин барат деп эл аралык укук жана каржы боюнча экспертке кимдир-бирөө айтса, америкалык саясатка карата тамаша катары кабылдап, күлкүсүн тыя алмак эместир. Россиянын "айыбы" – "бөтөн өлкөнүн аймагына аннексия кылып" жана "америкалык шайлоого кийлигишкен" имиш. Кызыгы, дал "Россия кийлигишти" делген шайлоодо утуп чыккан президент РФга ушундай доомат коюп жатканында. Күлкү жаратмак дегендин баары канткен менен болду, тарыхый ченемдер менен карасак, ушунчалык тездик менен ишке ашты. Олуттуу глобалдык каатчылык (эпидемия – бул чындап эле глобалдык апаат) маалында тарых "эч бир окуя болбогон он жылдыктар да өтөр, он жылга татыган апталар да болот" дегендей ыргакта жылат. Өткөн кылымдын белгилүү саясий ишмерлеринин бири кыраакылык менен муну таасын белгилеген тура.

Президенттик "калемдин" бир шилтеми менен Кытай ээлик кылган америкалык облигацияларды жоюу аркылуу аталган державаны болжол менен 1,3 триллион долларга карактоо – экономикалык гана эмес, саясий өңүттөгү да чечим.

Бүгүн Нью-Йорктун аянттарындагы өлүктөр толгон трейлерди көрүп, жумушсуздук боюнча жөлөкпул алуу үчүн арызын жазып, коммуналдык төлөм жана ипотекасын жакын арада кантип төлөрүнө башы маң, ал эми күзүндө президенттик шайлоого бара турган америкалык шайлоочулар ушул тапта өтө терс маанайда.

Президент эгер эпидемияга күнөөлүү деп эсептелген (Трамптын версиясы жана көптөгөн америкалык журналисттердин баасы боюнча) өлкөгө болгон бересесин өзү жоюп алганын жарыялап, ал эми үнөмдөлгөн акчасын, мисалы, иштен айдалган сланец мунайчыларга таратарын айтса, анда электоратынын колдоосуна арзуу үчүн жасалган күчтүү саясий жорук болмок. Тобокелдиктерди, анын ичинде саясий чакырыктарды да тескөө жагынан алып карасак, азыр америкалык инструменттерден кытайдын валюталык резервдерин акырындык менен (Ак үйдүн көңүлүн буруп албоо үчүн) чыгарылып же болбоду дегенде эле резервдердеги үлүштөрү кыскартыла башташы ыктымал. Анткени Трамп каалаган убакта өзүнүн расмий позициясын өзгөртүп жибериши мүмкүн (буга соңку жылдары сансыз далилдер бар эмеспи).

The Washington Post "Кытайды жазалоо — президент ыктаган нерсе экенин Трамптын улук кеңешчилеринин бири билдиргенин" жазат.

Кытайдын алтын-валюталык резервинин орточо үчтөн бир бөлүгүн жок кылуу — кандай ченем болбосун, кыйла олуттуу жаза. "Кытай карызы" боюнча мүмкүн болчу дефолт туурасындагы макалага алгачкы реакция банктар аралык тооруктардагы юандын курсунун чабалдашы болду. Эгер чындап эле карыздан кечүүгө мажбурлашса, анда кытай валютасы оор кысымга тушугат.

Акыры бул кайра шайланып келүү үчүн доллардын макамын курмандыкка чалгандай көрүнүп калышы Трампка мыкты пикирдей туюлушу мүмкүн. Эгер Федералдык резерв ансыз да рыноктон америкалык облигацияларды сатып ала турган болсо, анда АКШга тышкы кредиторлордун зарылдыгы жок деп ойлоо Ак үйдө өнөкөткө айланышы ыктымал. Басма станогу бюджетти да куткарат, мамлекеттик карызды да төлөйт, долларды да камсыздайт.

Экономикалык реалдуулукка шайкеш келбесе да, америкалыктар дал ушуга чет элдик союздаштарын да ынандырган. Буга өздөрүнүн да ишенишине эч нерсе (азыр таңсыктыгы курс болгон туура ой калчоо) бөгөт боло албайт.

Мында да "жаман айтпай, жакшы жок" деген учкул кепти бир эстеп коюуга болот. Россияга каршы санкциялар Россиянын каржылык туруктуулугуна, алтын-валюталык запастарында алтындын үлүшүн арттыруу жана тышкы валюталык каржылоого көз карандылыгын азайтууга алдын ала кам көрүүгө түрттү.

Дүйнөлүк каржылык тутумда орун ала турган тобокелдик жана кырсыктарды эске алсак, эгер Вашингтон чындап эле Пекинге каршы соода гана тургай, каржылык согушту да баштай турган болсо, Россия тарабынан көрүлгөн алдын алуу чаралары текке кетпегенине дүйнө күбө болор.

Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (969)

Тема боюнча

Алмак-салмак таратылган билдирүү. Трамп COVID-19 боюнча Кытайга таш ыргытты
Белгилер:
доллар, алтын, дефолт, коронавирус, экономика, карыз, Дональд Трамп, Ак үй, Россия, Кытай, АКШ

ЭҢ МААНИЛҮҮ