Кытай окумуштуулары COVID сымал коркунучтуу вирус пайда болгонун маалымдады

© Sputnik / Сергей Венявский / Медиабанкка өтүүВирусология лабораториясы. Архив
Вирусология лабораториясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иликтөөнүн авторлору бул инфекцияны чочколор алып жүрөрүн, андан адамдарга да жуга турганын белгилейт.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Кытай окумуштуулары жаңы пандемиянын пайда болушун шарттай турган кооптуу чочко тумоосунун белгисиз штаммын аныктады. Иликтөөнүн жыйынтыгы Proceedings of the National Academy of Sciences илимий журналына жарыяланды.

Аталган макаланын авторлору бул вирус жакында эле пайда болгонун айтат. Бул инфекцияны чочколор алып жүрөрүн, андан адамдарга да жуга турганын белгилейт. Окумуштуулар чочко тумоосундагы вирусту 2011-2018-жылдары Кытайдын ондогон провинциясында 30 миңдей аталган жаныбардан анализ алып текшерген. Анын жыйынтыгында 179унан вирус аныкталган.

Коронавирустун пандемиясы абдан күч алууда. ДССУ билдирүү жасады

Алардын арасынан 2009-жылы пандемиялык абалга алып келген H1N1 деп аталган чочко тумоосунун генин алып жүргөн жакында пайда болгон вирустун штаммы чыккан. Чочко тумоосу 2016-жылы дүйнөгө кеңири жайылып кеткени маалым.

Мындан сырткары, алар вирусту алып жүргөн чочколор менен байланышта болгон ферманын жумушчуларынын 10,4 пайызында бул штаммга каршы антителасы бар экенин аныктаган. Ал вирус 18ден 35 жашка чейинки адамдарга көбүрөөк жугары белгилүү болгон.

“Бул вирустун адамдын организминде адаптация болушу көбөйүп жатат жана пандемиялык вирустун жайылып кетүү коркунучун туудурат”, — деп жазылат маалыматта.

Россия: COVID-19га каршы вакцинанын үч прототиби натыйжалуулугун көрсөттү

Буга окшогон массалык эпидемиялык вирус 2009-жылы Мексикадан чыккан. Ал  “чочко тумоосу” деп аталып, дүйнөгө тараган. Каза болгондор азыраак катталган, себеби ага каршы көбүнүн иммунитети туруштук берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0