Россия: COVID-19га каршы вакцинанын үч прототиби натыйжалуулугун көрсөттү

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүЛабораториянын кызматкери жумуш учурунда. Архив
Лабораториянын кызматкери жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, жер бетинде коронавирус жуктургандардын саны 9,8 миллиондон ашып, анын ичинен 495 миң адам каза болду.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Коронавируска каршы вакцинанын үч прототиби сыноодон ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги "Вектор" борборунун генералдык директору Ринат Максютовго шилтеме кылып жазып чыкты.

Анын айтымында, чыккан жыйынтыктардын ичинен ал дарылар эң алдыңкыларынын бири.

"Эң негизги максат — вакцина алгандарды коронавирус шарттаган оорудан коргоо. Коопсуз дарыны иштеп чыгып, анын негизинде организмдин коргонуусун жакшыртуу. Мына ошол максаттар чоң кыйынчылыктар менен коштолууда", — деди Максютов.

Аталган борбордо учурда бир нече топ иштеп жатат, кызматкерлердин жалпы саны 100дөн ашат.

Буга чейин РФтин вице-премьери Татьяна Голикова COVID-19га каршы вакцина жасап чыгууда "Вектор" борбору алдыңкы орунда экендигин айткан.

Вакцинаны акысыз жасоого чакырык салабыз! Нобель сыйлыгын алгандар үн катты

Учурда коронавирустун пандемиясы бардык мамлекеттерге жетти. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, жер бетинде ооругандардын саны 9,8 миллиондон ашып, анын ичинен 495 миң адам каза болду.

Ал эми Россияда 641 миң адам вирусту жуктуруп алып, 9 166 адам көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0