ЖМК: коронавирусту биринчи жуктурган адам Ухандагы лабораторияда иштеген

© AP Photo / Mark SchiefelbeinЛабораториянын кызматкери жумуш учурунда. Архив
Лабораториянын кызматкери жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пекин бул айтылгандардын баарын четке кагып келет. Буга чейин Кытай бийлиги коронавирус жуктурган эң биринчи киши Ухандагы деңиз азыктары сатылган "Хуанань" базарында креветка сатып иштегенин айтышкан.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Эң биринчи коронавирус жуктурган адам Ухань шаарындагы Вирусология институтунун лабораториясында иштеген. Бул тууралуу Fox News телеканалы 15-апрель күнү билдирди.

Америкалык журналисттердин көп сандаган ишенимдүү булактарына таянып айткандарына караганда, дүйнөдөгү эң алгачкы коронавируска кабылган адам лабораторияда иштеп жатып, жарганаттан вирус жуктурган.

Азык-түлүк дүкөндүн жанында турган кишилер очередте туруп жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эпидемиолог: коронавирус төрт метр аралыктан дагы жугушу мүмкүн
Ошол эле учурда ал лаборатория эч кандай биологиялык курал жасабастан, жөн гана вирусту иликтеп жатканы айтылат.

Буга чейин британиялык ЖМКлар дагы коронавирус лабораторияда коопсуздук техникасы сакталбагандыгы үчүн адамга капысынан жукканын айтып чыгышкан.

Пекин бул айыптоолордун баарын четке кагып келет. Буга чейин Кытай бийлиги коронавирус жуктурган эң биринчи киши Ухандагы деңиз азыктары сатылган "Хуанань" базарында креветка сатып иштегенин билдирген.

Коронавирус тууралуу

Коронавирус узаган жылдын декабрь айынын этегинде Кытайдын Хубэй провинциясындагы Ухань шаарында тараган. Андан бери 200гө чукул мамлекетке жайылып, 16-мартка караганда түнү аны жуктургандардын саны жер жүзүндө 2 миллион адамдан ашты.

Учурда дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттери ага каршы вакциналарды жана дары-дармектерди жасоо менен алектенүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0