Коронавирустун сойкулукка таасири. Кытайлык кыздар япондорго "айланып"...

© AFP / Madaree TOHLALAСойкулук менен алектенген кыздар. Архив
Сойкулук менен алектенген кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөгө тарап жаткан коркунучтуу коронавирустун айынан чет өлкөдө денесин сатып иштеген кытайлык кыздар кызмат көрсөтүүлөрүнүн баасы төмөн түшүп кеткендигин айтып, нааразы болгон.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Коронавирус сойкулук менен алектенген кытайлык кыздардын "ишине" кесепетин тийгизип, эми алар өздөрүн кардарларга корей же япон улутундагылар деп айта баштаган. Бул туурасында New York Post жазды.

Кеп Кытайдан бир нече миңдеген алыс турган чет өлкөдө сойкулук кылган кытайлык кыз-келиндер туурасында болууда.

Дүйнөнү кооптондуруп жаткан вирустун айынан алар кардарларынан ажыраганын айтышкан. Айласыздан улутун кытай эмес, корей, япон, кээде такыр эле башка улутка таандык болуп чыга келишкенин жашырган эмес.

Жаңы Зеландияда иштеген кытай кызы, "өзүмдүн кытай улутунан экенимди айтпай, көрсөтө турган кызматымдын наркын арзандатсам да кардарлар бизди вирустуу адамдай көрүүдө. Ал тургай баш тарткан учурлар арбын", — деген ал.

Дагы бир кыз башка улуттун жарандыгын алгандыгы бул жаатта жардам бербегендигин жашырган эмес. Анын айтымында, "бизнеси" акыркы эки жумада болуп көрбөгөндөй түшүп кеткен.

Медициналык маска кийген кыз - Sputnik Кыргызстан
Кытайлык кыз зордукчулдан коронавирус менен ооруйм деп кутулуп кеткен
"Буга чейин бир да жолу мындай болгон эмес эле", — деген каңырыгы түтөгөн кыз.

Ал Кытайга акыркы сегиз жылдан бери бара электиги, ага карабастан кардарлар кытайлык экендигин угуп, жаа бою качкандыгын баяндаган.

Ал эми сойкулардын укугун коргогон, жаңы зеландиялык активист Кэтрин Хили бул сойкулар үчүн абдан катаал мезгил болду деген тынчсыздануусун билдирген.

"Кээ бир адамдар коронавирустун айынан финансылык жактан абдан кыйын кырдаалга кабыларына тынчсызданып жатабыз", — деген активист аял.

Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрь күнү ДСУга Хубэй аймагындагы белгисиз пневмония дарты жөнүндө маалымат берген. Адистер ооруну 2019-nCoV коронавирусу козгогонун аныкташкан. Акыркы маалыматтарга караганда, Кытайда коронавирустан 563 адам көз жумду. Ал эми жуктуруп алгандардын саны 28 018ге жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0