05:34 10 Баш оона 2020
Түз эфир
  • USD77.0500
  • EUR91.1694
  • RUB1.0463
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
311 0 0

Системалык анализ жана божомолдоо борборунун президенти Ростислав Ищенко атайын Sputnik үчүн Холокостту тааныгысы келбегендердин трагедиясы тууралуу баяндап берди.

27-январь — БУУнун Башкы ассамблеясынын резолюциясы менен бекитилген Холокосттун курмандыктарын эскерүү күнү. Буга карата Израилде айрым иш-чаралар болуп, эл аралык форум өттү. Ага Польша, Балтика боюндагы мамлекеттердин  башчыларынын катышпаганы таң калтырбайт деле, ал эми Украина президенти Владимир Зеленский Израилге келгени менен форумга баш баккан жок. Кеп аталган өлкөлөрдө өкүм сүргөн антисемитизмде гана эмес.

Польшалыктар менен прибалтикалыктардын позициясы, ага жакын келген Украинанын пикири алардын тарыхка болгон мамилеси менен түшүндүрүлөт. Аталган мамлекеттердин баары русофобияга чалдыгып, мындан улам гитлердик Германиянын кыйрашын бир оккупациянын экинчиси менен алмашкан кадыресе көрүнүшүндөй эле кабылдашат. "Эки тоталитардык режимге" каршы "эки фронтто от кечкен согуш" тууралуу кеп Варшава менен Вильнюсту, Рига менен Таллинди, эми Киевди да бириктирип турат.

Албетте, буга Холокосттун, башкача айтканда, гитлерчилер еврейлерди жапырт кыруусун уюштурушуна эмне тиешеси бар деп деле суроого болот. Алардын согушка катышкан элге кандай тиешеси бар?

Холокост тарыхты бурмалоого жол бербейт

"Советтик оккупация" тууралуу ойлоп табылган кеп-сөз радикалдык-улутчул идеологияны туу туткан элдерди жана мамлекеттерди бириктиргендей эле, Холокост да согуштун чыныгы маани-маңызын жакшы түшүнгөн өлкөлөрдү бириктирип турат.

Еврейлерди аял-эркегине, жаш-карысына, каяктын жараны экенине карабай кырышкан. Европанын кайсы жерин байырласа, ошол жерден өлтүрүшкөн. Бийликке бир нече күн ээ боло калган улутчулдардын да колу кандуу.

Бишкекте Ленинград блокадасын жарып өтүүнүн 77 жылдыгына арналган митинг-реквием болду
© Фото / Российский центр науки и культуры в Бишкеке
Дүйнөлүк экинчи согуштун айрым окуялары дүйнөнүн булуң-бурчунда ар кыл чечмеленсе, көз караш ар башка болсо (мисалы, англиялыктар үчүн Дюнкер эвакуациясы Сталинград салгылашуусуна караганда алда канча маанилүү), Холокостко болгон мамиледе  баарыныкы окшош. Бул трагедия тарыхты бурмалап кайра жазууга аракет кылгандардын жолун бууйт.

Бирок Балтика боюндагы өлкөлөрдө, Варшава менен Киевдеги режим өз ата-тегин Польша менен Прибалтикадагы согуш алдындагы өкүм сүргөн режимге, Украинадагы бандерачыларга байланыштырып келет. Бул режимдин баары Гитлер менен тилектеш эле. Баары русофобия менен ооруп, "советтик оккупация" тууралуу расмийи да, бейрасмийи да айтып-деп, баары эмнегедир Россия "оккупация" үчүн төлөп бериши керек деген пикирде.

Согушту эскерүү бул режимдердин идеологиялык негизин кыйратат. Өзгөчө Холокост безине тийип келет. Советтик жана немецтик тоталитаризмдин окшоштугу тууралуу чарчабай айта берсең болот. Качан гана Холокостко келгенде ооз жабылат. Анткени еврейлерди улутчулдар кырган, ал эми СССР аларды сактап калган.

Өткөндү унутуу — келечектин трагедиясы

Анын үстүнө Холокосттун тарых-таржымалына кызыккан ар бир адам дароо эле концлагерлердин тарыхына барып такалат да, согуш аяктаар маалда еврейлер анда кармалгандардын азын түзүп калганын көрөт (көпчүлүгү дароо өлтүрүлгөн). Абийири бар адам Холокост тууралуу билгенден кийин улутчулдук режимдин антисемиттик эле эмес, жалпы адамзатына каршы режиминин өзөгүн көрөт. Андан кийин СССРдин дарегине айтылган айыптоолордун суу кечпей турганына ынанат. Болбосо дал ушул Советтер Союзу Европа элин фашизмден сактап калган. Ал эми боштондукка чыгарып, канчалаган адам менен мамлекеттерди сактап калган тарап оккупант боло албайт. Аны киши өлтүргүч менен бир катарга коюуга болбойт.

Мына ушундан улам СССРдин эмгегин, жеңишин тааныгысы келбеген өлкөлөр Холокостту да унутууга, унуткарууга аракет кылышат.

Тарыхты унутуу, русофобия жана антисемитизм дайым коюн-колтук алышып келет. Ушул себептен улам да Владимир Путин Израилге БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө болгон туруктуу беш мамлекеттин лидерлеринин жолугушуусун демилгеледи. "Өткөндү унутуу, дүйнө алдындагы коркунучтарга ийиндешип каршы турбагандыктын кесепети өтө оор болот. Биз бул тууралуу ачык айтууга эле эмес, ааламды коргоп калууга да кайрат-күчүбүз болушу керек", — деди президент.

Тема боюнча

Ирактагы кыргызстандык балдар качан алып келинет? Министрдин жообу
Россия Экинчи дүйнөлүк согуш боюнча ачык түрдөгү ири архивдик комплекс түзөт
Белгилер:
киши өлтүрүү, еврей, согуш, Израиль

ЭҢ МААНИЛҮҮ