Путин 11 генералды иштен алды

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүРабочая поездка президента РФ В. Путина в Забайкальский край
Рабочая поездка президента РФ В. Путина в Забайкальский край - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Владимир Путин, андан сырткары, ИИМдин 16 кызматкерине генерал-майор жана генерал-лейтанант наамын берген.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин ИИМдин, ӨКМдин жана Тергөө комитетинин 11 генералын иштен алды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Путиндин жарлыгынын негизинде ИИМдин башкы инспектору, полициянын генерал-майору Ефрем Романов, Карачай-Черкес Республикасынын ички иштер министри, полициянын генерал-майору Игорь Трифонов, ИИМдин Тюмень облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полициянын генерал-майору Юрий Алтынов, андан сырткары, Башкы тергөө комитетинин төртүнчү тергөө башкармалыгынын жетекчиси, юстициянын генерал-лейтенанты Руслан Ибиев кызматтан алынган.

Президент РФ В. Путин посетил Международный авиасалон МАКС-2017 в подмосковном Жуковском - Sputnik Кыргызстан
23 жашта... Путинге КГБда иштеп жүргөндө берилген мүнөздөмө ачыкка чыкты
Ошондой эле буга чейин жүз миллион рублди алдап алды деген шек менен кармалган Александр Мельников да иштен кеткен. Ал ИИМдин коомдук тартипти сактоо жана аткаруу бийлиги менен өз ара аракеттенүү башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп иштеп келген. Аны менен катар ӨКМдин Москва боюнча башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, генерал-майор Сергей Журавлев баштаган алты жетекчи да кызматынан кеткен.

Владимир Путин, андан сырткары, дагы бир жарлыгы менен ИИМдин 16 кызматкерине генерал-майор жана генерал-лейтанант наамын берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0