11:05 18 Теке 2018
Түз эфир
  • USD68.1634
  • EUR80.0375
  • RUB1.0917
Футбол боюнча курама командасы

Путин Россиянын Хорватияга утулуп калганын кандай кабыл алды

© Sputnik / Григорий Сысоев
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
82110

Өлкө башчы ишемби күнү улуттук команданын машыктыруучусу менен эки жолу сүйлөшкөн.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Футбол боюнча курама команданын башкы машыктыруучусу Станислав Черчесов менен оюнчуларын дүйнөлүк чемпионаттын жыйынтыгын чыгаруу иш-чарасына чакырды. Президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун билдирүүсүн Р-Спорт каналы жарыялады.

Эске салсак, ишемби күнү кечинде жарым финалда Россия курама командасы Хорватиядан пенальтинин натыйжасы менен 4:3 эсебинде утулуп, хорваттар дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыгышкан.

Песковдун айтымында, өлкө башчы ишемби күнү улуттук команданын машыктыруучусу менен эки жолу сүйлөшкөн.

"Путин Черчесовго оюн башталганга чейин чалып ийгилик каалаган. Мелдеш аяктаган соң кайра чалып Хорватия менен болгон тарыхый мелдеште футболчулар татыктуу оюн көрсөткөнүн баса белгилеген", — деди Песков.

Президент башкы машыктыруучу менен курама команданын оюнчуларын Дүйнө чемпионатынын жыйынтыгын чыгаруу иш-чарасына чакырды.

Тема боюнча

Дарбазачы Акинфеевдин аты алмаз "топко" ыйгарылышы мүмкүн
Россия Хорватиядан утулуп калды. Жомокко чекит койгон чейрек финал
Белгилер:
Футбол, футбол боюнча дүйнө чемпионаты, Владимир Путин, Россия
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ