Европалыктар эмне үчүн Путинди күчтүү лидер деп эсептешет — эксперттин пикири

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин. Архив
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Европада жүргүзүлгөн сурамжылоодо элдин көбү Владимир Путинди дүйнөдөгү эң күчтүү лидер деп эсептей турганы аныкталды.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Франциянын, Германиянын жана Италиянын көпчүлүк тургундары Владимир Путинди дүйнөдөгү эң күчтүү лидер деп эсептей турганы Sputnik.Пикир сурамжылоосунун жыйынтыгында аныкталды. Сурамжылоону Ifop компаниясы Sputnik маалымат агенттиги жана радиосу үчүн жасап берген.

Франция, Германия, Италия, Улуу Британия жана АКШдан 18 жаштан жогору 5 029 киши сурамжылоого катышып, респонденттер жынысына, жашына жана жашаган аймагына карата тандалган. Сурамжылоо 22-марттан 27-мартка чейин жүргүзүлгөн.

Кишилерге "Учурда дүйнөдөгү эң күчтүү лидер деп кимди эсептейсиз?" деген суроо берилген. Алдыңкы үчтүккө Владимир Путин, Дональд Трамп жана Си Цзиньпин кирген.

Улуу Британиянын тургундары көбүн эсе Трампты тандашкан. Ал эми АКШда сурамжылоого катышкандардын 23 пайызы Россиянын президентин эң күчтүү лидер деп аташса, 43 пайызы Трампты айтышкан.

Кыргызстандык саясат таануучу Алмазбек Акматалиев батыш мамлекеттердин тургундары Путиндин бийликте кантип көпкө чейин отурганына таң калганы сурамжылоонун жыйынтыгына таасир бериши мүмкүн деген пикирде. Эксперттин баамында Путиндин саясатка аралашып башташы менен Россияда туруктуулук орноду.

Ал ошондой эле сурамжылоонун жыйынтыгына Россиянын өзөктүк куралдарынан чочулоо жана Путиндин саясий харизмасы да таасир бериши мүмкүндүгүн айтты. Ал ошондой эле Трамптын рейтингден орун алышына өз пикирин билдирди.

"43 пайыз добуш Трамптын учурдагы абалын көрсөтүп турат. Ал бийликке кантип келип, Клинтонду кантип утканын баарыбыз билебиз. Чыныгы добуштардын жыйындысында Трамп утулуп, ал эми шайлоочулардын пикири боюнча утушка жеткен. Ал үчүн жарандардын 43 пайызы добуш бергенине таң калып жатам", — деди Акматалиев

Sputnik.Пикир долбоору тууралуу маалымат

Россиянын президенти Владимир Путин жана АКШнын президенти Дональд Трамп жолугушуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Лавров: Путин да, Трамп да кагылышууларга жол бербейт
Коомдук пикирди иликтөөгө алган эл аралык долбоор 2015-жылдын январь айында ишке кирген. Долбоордун өнөктөштөрү болуп Populus, Ifop жана forsa ири изилдөөчү компаниялар эсептелет. Sputnik.Пикир долбоорунун алкагында Европа өлкөлөрү менен АКШда социалдык маанилүү маселелер боюнча сурамжылоо жүргүзүлүп келет.

Sputnik (sputniknews.com) – ондогон өлкөдө жайгашкан мультимедиалык маалымат хабдары бар маалымат агенттиги жана радиосу. Sputnik өзүнө 30 тилден ашуун жазылган сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, мобилдик тиркеме жана социалдык тармактардагы баракчаларды камтыйт. Sputnik агенттигинин жаңылык түрмөгү күнү-түнү англис, испан жана кытай тилдеринде жарык көрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0