Жолиге окшошом деп 50 жолу операция жасаткан кыз "жоругуна" түшүндүрмө берди

© Фото / из личного архива17 жаштагы ирандык кыз Сахар Табар
17 жаштагы ирандык кыз Сахар Табар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ирандык кыз интернетке жүктөгөн сүрөттөрүнө Photoshop колдонулганын билдирди.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Америкалык актриса Анжелина Жолиге окшошом деп аракет кылды делген 17 жаштагы ирандык Сахар Табар бир заматта интернет жылдызына айланган. 

ЖМК өкүлдөрү Сахар Табар бетине 50 жолу пластикалык операция жасатып, 40 килограммга чейин арыктаганын жазган.

Мындан улам РИА Новости агенттигинин кабарчысы тегерандык кыздын өзү менен байланышып, окуянын чоо-жайын билип көргөн.

Интервьюда Сахар Табар Insagram баракчасындагы сүрөттө өзүнүн чыныгы жүзү эместигин айтып, Анжелина Жолиге окшошууга аракет кылбаганын билдирген.

"Сүрөттө жүзүмө макияж жасалып, Photoshop колдонулган. Ар бирин интернетке жүктөөрдө бетимди башкача кылып көрсөтүүгө аракет кылам. Бул дагы өзүнчө искусство. Ал эми күйөрмандарым чыныгы жүзүм кандай экенин жакшы билишет. Жолиге окшошоюн деген ниетим да болгон эмес. Мен өзүмө-өзүм музамын", — деди Табар.

© Фото / из личного архива17 жаштагы ирандык кыз Сахар Табар
Иранка Сахар Табар - Sputnik Кыргызстан
17 жаштагы ирандык кыз Сахар Табар

Интернет жылдызы канча килограммга арыктаганын да айтып берген.

"Мен мурдума операция жасатып, эриндеримди чоңойттургам. Ошондой эле липосакция жасаткам (теринин майлуу жерлерин операция жолу менен алып салуу). Мындай медициналык кызматты жалгыз эле мен эмес, дүйнө эли колдонуп келет. Айрымдар мени 40-30 килограммга арыктаптыр деп жазып чыгышты. Андай эмес, көп болсо 5-8 килограмм таштагам. Азыркы салмагым 54 килограмм", — деп Табар белгиледи.

@raha_xti @raha_xti @raha_xti @raha_xti @raha_xti @raha_xti 👆🏻👆🏻👆🏻👆🏻👆🏻👆🏻👆🏻👆🏻👆🏻

Публикация от سحرتبر…!👾✌🏻 (@sahartabar_afficilalll) Ноя 11 2017 в 10:58 PST

Ал ошондой эле шаар тургундары ага кадимкидей эле мамиле жасап, чочулабай турганын кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0