04:39 21 Үчтүн айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8393
  • EUR79.5924
  • RUB1.0529
Генерал-майор наамын алган 49 жаштагы Тонье Скиннарланд

Норвегияда алгачкы ирет аскер аба күчтөрүн аял жетектемей болду

© Фото / Norwegian Armed Forces
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
4010

Тонье Скиннарланд өткөн аптада расмий түрдө Норвегиянын аскер аба күчтөрүнүн жетекчиси болуп дайындалды.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Генерал-майор наамын алган 49 жаштагы Тонье Скиннарланд Норвегиядагы аскер аба күчтөрүн жетектеген алгачкы аял болду. Бул тууралуу РИА Новости жергиликтүү басылмаларга таянуу менен жазып чыкты. 

Скиннарланд өткөн жылдын октябрь айынан бери аталган кызматтын жүгүн аркалап келет. Анткени аскер аба күчтөрүнүн мурдагы жетекчиси Пера-Эгиля Рюгг каза болуп калган. Ошентип Скиннарланд өткөн аптада расмий түрдө жетекчи болуп дайындалды. 

Скиннарланд буга чейин НАТОнун атайын операцияларына катышып, Норвегиянын куралдуу күчтөрүндө иштеп келген.

Тема боюнча

Канада телеканалында алып баруучу биринчи ирет экранга хиджаб менен чыкты
Белгилер:
Аскер, куралдуу күчтөр, Норвегия
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ