БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Генерал-майор наамын алган 49 жаштагы Тонье Скиннарланд Норвегиядагы аскер аба күчтөрүн жетектеген алгачкы аял болду. Бул тууралуу РИА Новости жергиликтүү басылмаларга таянуу менен жазып чыкты.
Скиннарланд өткөн жылдын октябрь айынан бери аталган кызматтын жүгүн аркалап келет. Анткени аскер аба күчтөрүнүн мурдагы жетекчиси Пера-Эгиля Рюгг каза болуп калган. Ошентип Скиннарланд өткөн аптада расмий түрдө жетекчи болуп дайындалды.
Скиннарланд буга чейин НАТОнун атайын операцияларына катышып, Норвегиянын куралдуу күчтөрүндө иштеп келген.