Кыргызстандыктарды кубанткан Генрих. Жүрөк жылыткан видео

Жазылуу
Германиялык Генрих Келлер бир нече жылдан бери ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге кол сунуп келет. Ал Европадан жогорудагыдай адамдарга өтө зарыл болгон коляска, балдак, велосипед, машыгуучу жабдык, ажатканаларды алып келип таратат.
Самын жасап өзүбүздү иш менен камсыз кылдык. Майыптыгы бар жаштардын видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2021
Самын жасап өзүбүздү иш менен камсыз кылдык. Майыптыгы бар жаштардын видеосу
Генрих Келлердин айтымында, жардамын алгандар сүйүнүп калышат.
"Германия бир жылда 2 000ден ашык коляска берет. Биз алардын абалын карап, ошол жактан салып жиберебиз да, Кыргызстанга таратабыз. Азыр майыптар үчүн бүт баары кымбат. Мен колдонгон ушул коляска эле 4 000 евродон жогору турат. Жергиликтүүлөр кубануу менен кабыл алып, бардыгы ыраазы. Алардын сүйүнүп жүргөнүн көргөндө мен да кандайдыр бир деңгээлде шыктанып калам. Айрымдарынын колуна жакшы коляска тийгенде жыргашат. Анткени алардын жаңы коляска сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок. Эгер Кытайдын коляскасын сатып алса, үч айдан кийин эле бузулуп жарабай калат", — деди ал.
67 жаштагы Генрих Келлердин өзү да биринчи топтогу майып. Мындан улам ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин көйгөйүн жакшы билет. Ал ушундай кайрымдуулук ишин жети-сегиз жылдан бери токтотпой, коляскаларды мурдагы советтик республикаларга жана Африка өлкөлөрүнө чейин байма-бай жеткирип турат.
Жаңылыктар түрмөгү
0