14:04 11 Бугу 2021
Түз эфир
  • USD84.7112
  • EUR103.0978
  • RUB1.1491
Видео

12 адам жашынган жеринде жан берген. Кандуу окуянын очогу “Головнойдон” кадрлар

Кыскача шилтеме алуу
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы (247)
2319 0 0
© Sputnik / Акылбек Батырбеков , Эмиль Садыров

Кыргыз-тажик чек арасында 36 кыргызстандыктын өмүрүн алган жаңжал "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайында тутанган. Sputnik Кыргызстан агенттиги кандуу окуянын очогу болгон жерди тартып келди.

УКМКнын билдирүүсүнө ылайык, 28-апрель күнү тажик тарап суу таратуучу жайга камера орноткон. Жергиликтүү тургундар буга каршы чыгып, чырдаша кеткен эки тарап бири-бирин ташка алган. Эртеси кырдаал курчуп, кыргыз-тажик аскерлеринин атышуусу башталган.

Бул суу бөлүштүрүүчү жайдын тегерегинде жалпысынан 25 жай тургун мерт болгон. Жергиликтүү тургундардын айтымында, атышуу маалында эл “Головнойдун” жанындагы негизги трассанын чекесиндеги чуңкурга кирип жашынган. Бирок миномёт менен аткан снаряддын чачырандысы тийип, ал жерден 12 жай тургун көз жумган.

Ошондой эле суу таратуучу пунктуну кайтарган ИИМдин атайын багыттагы "Шер" отряды кошумча күч келгенче алты саат бою позициясын бербей коргоп турганы белгилүү болду.

Ак-Суу дарыясы Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстанды суу менен камсыздайт. 1980-жылдан бери Кыргызстан суунун 37 пайызын пайдаланат. Өлкөнүн үлүшү бул канал аркылуу агып, Төрткүл суу сактагычына куят. Ал жерге топтолгон суу жайкысын баткендик дыйкандарга абадай керек. Тагыраак айтканда, Баткен шаарындагы жана Баткен районунун бир бөлүгүндөгү эгиндер сугарылат.

Кыргыз бийлиги мындан ары да "Головнойго" толук ээлик кыларын убадалады.

Sputnik Кыргызстан буга чейин Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайынын тарыхы тууралуу материал даярдаган.

Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы (247)

Тема боюнча

Сөөгү өзүнүн өрттөлгөн үйүнөн табылды. Баткенде дагы бир жаран каза болду
Түнү бою сабап, суу да бербей кыйнады. Барымтадан чыккан баткендиктердин видеомаеги
Тажикстандыкы — аскердик агрессия. Баш прокуратура кеңири билдирүү таратты
Белгилер:
жай, "Головной" суу бөлүштүрүүчү, Тажикстан, Кыргызстан

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ