Фотофакт: жаңжал тутанган "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайдын асмандан көрүнүшү

© Sputnik / Акылбек Батырбеков"Головной" суу бөлүштүрүүчү
Головной суу бөлүштүрүүчү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2021
Жазылуу
Sputnik Кыргызстандын фотокабарчысы кыргыз-тажик чек арасындагы "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайды кадрга түшүрдү. Эки мамлекеттин ортосундагы кагылыш дал ушул жайдан башталган.
Кыргызстандын Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Алмазбек Сокеев стратегиялык объект Кыргызстандын аймагында жайгашканын айтты. Ал 1970-жылы курулуп, үч жылдан кийин эксплуатацияга берилген. Сокеев "Головной" тууралуу бир нече тарыхый фактыны келтирди.
© Sputnik / Акылбек Батырбеков"Головной" суу бөлүштүрүү жайы жайгашкан Ак-Суу дарыясы үч мамлекетти суу менен камсыздайт
Водораздел Головной на кыргызско-таджикской границе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
"Головной" суу бөлүштүрүү жайы жайгашкан Ак-Суу дарыясы үч мамлекетти суу менен камсыздайт
"Головной" суу бөлүштүрүү жайы жайгашкан Ак-Суу дарыясы үч мамлекетти суу менен камсыздайт. Протоколго ылайык, 1980-жылдан бери Кыргызстан суунун 37 пайызын пайдаланат. Ал эми Тажикстан 55, Өзбекстан 8 пайызын керектейт. Совет мезгилинде суу пайдаланылган жерлерге жараша бөлүштүрүлчү. Ошол мезгилде Кыргызстан 11 миң гектар жерди өздөштүрсө, Тажикстан 21,3 миң гектар, ал эми Өзбекстан 1,6 миң гектарын колдонгон.
© Sputnik / Акылбек БатырбековПротоколго ылайык, 1980-жылдан бери Кыргызстан суунун 37 пайызын пайдаланат. Ал эми Тажикстан 55, Өзбекстан 8 пайызын керектейт
Водораздел Головной на кыргызско-таджикской границе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Протоколго ылайык, 1980-жылдан бери Кыргызстан суунун 37 пайызын пайдаланат. Ал эми Тажикстан 55, Өзбекстан 8 пайызын керектейт
Душанбе башынан эле Головной Кыргызстандыкы деп билчү. Маанилүү фактылар. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2021
Душанбе башынан эле "Головной" Кыргызстандыкы деп билчү. Маанилүү фактылар. Видео
Архивдик документтерге ылайык, Кыргыз ССРи "Головнойду" ишке ашыруу үчүн 384,2 миң рубль короткон.
Эске салсак, буга чейин Тажикстандын УКМКсы "Головной" Тажикстандын аймагында жайгашканын, кыргыз тарап аны басып алганын айткан. Бирок Кыргызстандын Чек ара кызматы бул маалыматты четке каккан.
Жаңылыктар түрмөгү
0