Кой-Ташта аялдарды тээп, жаткыра чапкан милиционер. ИИМдин жообу видеодо

Жазылуу
Ички иштер министри Кашкарбек Жунушалиев Кой-Таштагы окуя учурунда Чүй облустук милициянын начальниги Самат Курманкуловдун башына таш тийгенин билдирди. Учурда бул кылмышка шектүүлөр кармала элек.

Буга чейин социалдык тармакта жана айрым ЖМКларда Атамбаевдин үйүнүн алдында чогулган адамдар Курманкуловду башка балка менен урган деген видео жарыяланган. Жунушалиев бул маалыматты төгүндөп, ал үйдүн сыртында жүргөндө таш тийгенин айтты.

"Укук коргоо органдарынын кызматкерлери барымтага алынган учурда, аларга жардамга баратканда үйдүн ичинен таш ыргып, Самат Ажыгуловичтин башына тийген. Белгилей кетсем, алар эч коопсуздук каражаты жок бараткан формачан кызматкерлерге таш ыргытышкан. Бүгүнкү күндө тергөө жүрүп жатат, анын алкагында таш ыргыткан кишини аныктап, кармайбыз", — деди Жунушалиев.

Ал эми бир милиционер төрт аялды ур-тепкиге алганы боюнча жооп берүүдөн баш тартып кетип калды. Бул суроого ИИМдин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов жооп берип, ички иликтөө жүрүп жатканын айтты.

"Бизге бардыгы белгилүү. Аны тез эле тактап койсок болот. Териштирүү учурунда милиция кызматкерлеринин аракеттерине баа берилип, кимиси аша чаап, ким кемчилик кетиргени аныкталат", — деди Сеитов.

Бегилей кетсек, социалдык тармакта Кой-Таштагы окуя учурунда жолдун жээгинде турган аялдарды милиционерлер сабап жаткан видео тараган. Анда бир эле милиционер төрт аялга кол көтөрүп, бутка тээп жыгытканы байкалат. Мындан улам милиция кызматкерлери өз укуктарынан аша чаап кетти деген пикирлер айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0