Буга чейин аталган жерде 26-декабрда түнкү саат 03.00дөр чамасында атышуу болгондугу туурасында маалымат чыккан. Ал эми Чек ара кызматынан бул боюнча маалымат түшпөгөндүгүн билдиришкен.
Анткен менен тартип коргоо кызматы ошол жердеги камера тартып калган учурларды текшерип, иликтөө башталган. Кийинчерээк Чек ара кызматы окуя болгон күнү аларга "артымдан кууп келе жатышат" деп эркек киши кайрылганын айткан. Чек арачылар көзөмөл өткөрүү жайынын аймагынан чыгып, мушташып жаткандарды арачалап, беркилер саат 05.38де тарап кеткенин билдирген. Алар эч кандай атышуу болгон эмес деген маалымат берген.