01:14 05 Баш оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7102
  • EUR100.3901
  • RUB1.1638
Видео

Британиялык белгилүү ырчы Жосс Стоун кыргызча ырдады. Боз үйдө тартылган видео

Кыскача шилтеме алуу
92340

Британиялык белгилүү ырчы Жосс Стоун КРдин эмгек сиңирген артисти Гүлзада Рыскулова менен кыргызча дует ырдады. Стоун аталган видеону YouTube каналына бүгүн, 13-августта жүктөдү.

Алар "Толгонуу" ырын (Гүлзада Рыскулованын аткаруусундагы) Кыргызстанда боз үйдүн ичинде отуруп алып ырдашкан. Роликтин астында ал Total World Tour (Дүйнөлүк турне) долбоорунун алкагында Кыргызстанга март айында келгени жазылат.

"Ыр кыргыздын салттары камтылып этно стилде жазылган. Ырчы Гүлзада керемет үнгө эгедер экен. Анын ырдаганы мындай обонго укмуш дал келет", — деп жазган ырчы.

Стоун дүйнө кыдырып ар түрдүү музыканын тилин үйрөнүп жүрөт.

Жосс Стоун — Британиялык ырчы, акын жана актриса. Анын чыгарган эки альбому эң көп сатылган альбомдордун катарына кирген. Ал 2003-жылы өзүнүн дебюттук The Soul Sessions альбому менен белгилүү болгон. Чыгармачылык жолунда дүйнө боюнча 10 миллиондон ашуун альбомун саткан. Brit Awards жана Grammy Award сыйлыктарынын ээси.

Тема боюнча

Атты көтөрүп кеткен жигит. Көчмөндөр оюнунун дагы бир ролиги чыкты
Көчмөндөр оюнунда айтышчу акындар тандалат
Белгилер:
ырчы, кыргыз тили, альбом

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ