Эл аралык донорлор тарабынан каржыланган жолдун курулушу 2014-жылы башталган. Транспорт жана жолдор министрлиги трассаны 2022-жылы бүтүрүп, колдонууга берүүнү пландоодо. Анын алкагында 3890 метрлик бир тоннель, 1076 жана 386 метр узундуктагы эки эстакадалык көпүрө салынууда.
Жалал-Абад шаары менен Балыкчыны байланыштырган жолду бүтүрүү вазийпасы кытайлык China Roud and Bridge компаниясына жүктөлгөн.

29,5 миллион долларга курулуп жаткан эки эстакадалык көпүрө 2019-жылы бүткөрүлөт

Кыргызстандагы ири курулушту кытайлык China Roud and Bridge компаниясы жүргүзүүдө

Жалал-Абад шаарынан Казарманга чейинки аралыгын асфальттоо иштери

Учурда Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бир гана Бишкек — Ош жолу бириктирет

Азыр Түндүк — Түштүк альтернативалуу жолунун көпчүлүк бөлүгүндө казуу, жардыруу иштери жүргүзүлүүдө

Трассанын ар бир чакырымына орточо эсеп менен 1 миллион 617 миң доллар сарпталууда

Долбоордун болжолдуу баасы 850 миллион доллар

Жолду курууда долбоордун курамына кирип калган жергиликтүү тургундарга мүлкү үчүн кенемте төлөп берүү каралган

433 Чакырымга созулган жолду куруу иштери төрт фазага бөлүнгөн

Жолдун курулуш иштери бийик тоолуу шартта өтүп жатат

Тоннелди салууга 200дөн ашык 20дай техника түрү тартылган

Долбоордогу айрым технологиялар Кыргызстанда буга чейин колдонулган эмес

Жумушчулардын 70 пайызы кытайлыктар, ал эми калганы кыргыз жарандары

Көк-Арт ашуусундагы тоннель аркылуу күн сайын 12 миң унаа өтө алат

Альтернативалуу жолдун курулушу 2014-башталган

Түндүк — Түштүк альтернативалуу жолу 2022-жылы бүткөрүлүп колдонууга берилет.
