Өткөн жылы борбор каланын жолдорун оңдоого бюджеттен 696 миллион сом бөлүнүп, ал каражаттарга 57 көчө жасалган. Андан сырткары, Кытай Эл республикасынын насыясына 95 чакырым жол жарым-жартылай курулган. Бирок ал пайдаланууга берилген жолдордун сапатына шаар тургундары нааразы болуп келүүдө. Күз мезгилинде колдонууга берилген көчөлөр жазга жетпей эле талкаланып калган.
Ал эми адистер мэриянын түзүмдөрү тиешелүү деңгээлде көзөмөлдөнбөй жаткандыгын айтып чыгышты.
Көп жыл жолчу болуп иштеген Талант Садакбаевдин айтымында, шаар бийлигинде жолдун сапатын аныктай алган техника жана лаборатория жок.
"Мэриянын алдындагы эч бир мекеме ЕАЭБдин техникалык регламентинин негизинде текшерүү жүргүзө албайт. Себеби аларда тиешелүү техника жана лаборатория жок. Ошондой жасалып бүткөн жолдор бардык талаптардын негизинде кабыл алынууда деп ишенип болбойт. Текшергендер жетекчиликтерине көз каранды болууда", — деди Садакбаев.
Өткөн жылы ири суммадагы акча сарпталып жасалган жолдордун кичинекей бөлүктөрүн жергиликтүү ишканалар жасаган. Ал эми ири курулуштарды кытайлыктар аткарган.